# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 627 "Дарыканаларда дары препараттарын жасоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 627 "Дарыканаларда дары препараттарын жасоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 627
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2024
- Редакциянын күнү: 17.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230016403>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-34176/edition/19548/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230016403.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 627 "Дарыканаларда дары препараттарын жасоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (17.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230016403

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 17-октябры № 627

Дарыканаларда дары препараттарын жасоо тартибин бекитүү жөнүндө

"Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Дарыканаларда дары препараттарын жасоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-майындагы № 320 "Дарыканаларда даярдалган дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
