# Кайыңды шаардык кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 66/XXI-7 "Кайыңды шаардык кеңешинин Жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кайыңды шаардык кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 66/XXI-7 "Кайыңды шаардык кеңешинин Жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 66/XXI-7
- Кабыл алынган күнү: 16.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230016353>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-34151/edition/19432/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230016353.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кайыңды шаардык кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 66/XXI-7 "Кайыңды шаардык кеңешинин Жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (16.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230016353

---

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2023-жылдын 16-марты № 66/XXI - 7 Кайыңды шаардык кеңешинин Жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

2009-жылдын 20-февралындагы № 57 «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 59 Бюджеттик кодексине ылайык , Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын негизинде, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

1.Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаардык кеңешинин Жобосуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

2.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү Кайыңды шаардык кеңешинин жооптуу катчысы Сыдыгалиева А.К. га милдеттендирилсин.

3. Бул токтом анда көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери карала тургандыгы ырасталат. Тиешелүү мамлекеттик органдар жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылат.

4. Кайыңды шаардык кеңешинин 2013 – жылындагы № 12/IV -3 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

5.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Э.Т. Иманкулов
