Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кайыңды шаардык кеңешинин «Кайыңды шаарынын мэриясынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы жана анын курамы тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө» токтому
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2023-жылдын 16-марты № 65/XXI - 6 Кайыңды шаарынын мэриясынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы жана анын курамы тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө
“Укук бузуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 451 беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы № 35 «Иштерди кароочу комиссиялар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтомун жетекчиликке алып,Кайыңды шаарынын мэриясынын « Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы жана анын курамы тууралуу жобону бекитүү жөнүндө катын карап чыгып, ошондой эле Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын ишинин кайра башталганына байланыштуу, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Кайыңды шаарынын мэриясынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы жөнүндө Жобо бекитилсин.
2. Комиссиянын курамы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
1. Кайыңды шаарынын мэринин орун басары - комиссиянын төрагасы;
2. Кайыңды шаарынын мэриясынын башкы адиси – юристи – комиссиянын катчысы;
Комиссиянын мүчөлөрү:
3. Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы ММБ нүн начальниги;
4. Кайыңды шаарынын аксакалдар сотунун мүчөсү (макулдашуу боюнча);
5. Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттары (2 адам) (макулдашуу боюнча);
6. Кайыңды шаарындагы Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнүн участкалык инспектору.
3. Кайыңды шаардык кеңешинин 2018-жылдын 12-декабрындагы №74/XXV-3, 2022 – жылдын 16 – декабрындагы № 52/XVIII-2, 2020 – жылдын 29 – майындагы № 130\XXVIII-5 токтомдору күчүн жоготту деп табылсын.
4.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Э.Т. Иманкулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кайынды шаардык кенешинин 2018-жылдын 12-декабрындагы № 74/XXV-3 «Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Кайынды шаарынын мэриясынын комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү…Постановление · 12.12.2018 · № 74/XXV-3 · Күчүн жоготкон
- Кайынды шаардык кеңешинин 2022-жылдын 16-декабры № 52/XVIII-2 "Кайыңды шаардык кеңешинин 2018 – жылынын 12 – декабрындагы № 74/XXV – 3 “Бузуулар жөнүндө иштерди кароо жөнүндө…Постановление · 16.12.2022 · № 52/XVIII-2 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы № 35 "Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 24.01.2023 · № 35
- Кайынды шаардык кенешинин 2018-жылдын 12-декабрындагы № 74/XXV-3 «Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Кайынды шаарынын мэриясынын комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү…Постановление · 12.12.2018 · № 74/XXV-3 · Күчүн жоготкон