Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кайыңды шаардык кеңешинин «Кыргызстандын улуттук электр тармагы Чүй электр тармактар ишканасы Панфилов РЭТ» ААКсына жер участогун берүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2023-жылдын 16-марты № 64/XXI - 5 «Кыргызстандын улуттук электр тармагы Чүй электр тармактар ишканасы Панфилов РЭТ» ААКсына жер участогун берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Панфилов РЭТтын ЧПЭСинин Кайыңды шаарындагы, Белоброва – Октябрдын 60 жылдыгы көчөлөрүндө жайгашкан, 8,0 чарчы метр болгон жер тилкесин трансформатордук подстанция орнотуу үчүн берүү жөнүндө» катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 1999 – жылынын 2- июнундагы № 45 Жер кодексинин 14 б.1, 25-ст.1, 2-ст., ст. 27 1-б. беренелерине ылайык, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын Чүй электр тармактар ишканасынын Панфилов райондук электр тармактар ишканасына 8,0 чарчы метр болгон, Кайыңды шаарынын Белоброва – Октябрдын 60 жылдыгы көчөлөрүндө жайгашкан жер тилкесин транформатордук подстанция орнотуу үчүн чексиз пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3..Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин агрардык, жер жана турак жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Э.Т. Иманкулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон