# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 17-октябрындагы № 166 "Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаарындагы № 8017 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 17-октябрындагы № 166 "Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаарындагы № 8017 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230016336>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3827/edition/19413/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230016336.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 17-октябрындагы № 166 "Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаарындагы № 8017 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө" токтому (17.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230016336

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2024-жылдын 17-октябры №166 Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаарындагы №8017 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 14-октябрындагы №20, Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаарындагы №8017 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө чечими келип түшкөн. Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын чечими 2024-жылдын 10-октябрындагы №01-35-2615 Раззаков шаарынын мэриясынын кайрылуусунун негизинде кабыл алынган. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдарынын жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын башкаруунун тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаарындагы №8017 шайлоо участкасынын дареги маданият үйүнүн имаратынан Самат көч., №143 дареги боюнча жайгашкан Самат атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

2. Ош аймактык шайлоо комиссиясы Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 25-октябрындагы № 83 (3637) саны менен жарыяланды

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
