# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 17-октябрындагы № 165 "Ош облусунун Араван районундагы № 5341 жана № 5493 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 17-октябрындагы № 165 "Ош облусунун Араван районундагы № 5341 жана № 5493 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230016335>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3826/edition/19412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230016335.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 17-октябрындагы № 165 "Ош облусунун Араван районундагы № 5341 жана № 5493 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө" токтому (17.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230016335

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2024-жылдын 17-октябры №165 Ош облусунун Араван районундагы №5341 жана №5493 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 8-октябрындагы №8/а, Ош облусунун Араван районундагы №5341 жана №5493 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө чечими келип түшкөн. Араван аймактык шайлоо комиссиясынын чечими 2024-жылдын 7-октябрындагы №207, 2024-жылдын 8-октябрындагы №208 Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн кайрылууларынын негизинде кабыл алынган. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдарынын жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын башкаруунун тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагындагы №5341 шайлоо участкасынын дареги Керме-Тоо айыл аймагынын Гулбаар айылындагы спорт комплексинин имаратынан Т.Бекенов атындагы №31 орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

2. Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагындагы №5493 шайлоо участкасынын дареги Керме-Тоо айыл аймагынын Гулбаар айылындагы Э.Кебекбаев атындагы №47 негизги мектебинин имаратынан Токтогул атындагы №10 орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

3. Араван аймактык шайлоо комиссиясы Керме-Тоо айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

4. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 25-октябрындагы № 83 (3637) саны менен жарыяланды

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
