# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 17-октябрындагы № 164 "Ош облусунун Чоң-Алай районундагы № 5162 жана № 5155 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 17-октябрындагы № 164 "Ош облусунун Чоң-Алай районундагы № 5162 жана № 5155 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 164
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230016334>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3825/edition/19411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230016334.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 17-октябрындагы № 164 "Ош облусунун Чоң-Алай районундагы № 5162 жана № 5155 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө" токтому (17.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230016334

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2024-жылдын 17-октябры №164 Ош облусунун Чоң-Алай районундагы №5162 жана №5155 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 14-октябрындагы №8, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы №5162 жана №5155 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө чечими келип түшкөн. Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын чечими 2024-жылдын 13-октябрындагы №01-34/1468 Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн, 2024-жылдын 13-октябрындагы №606 Жекенди айыл өкмөтүнүн кайрылууларынын негизинде кабыл алынган. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдарынын жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын башкаруунун тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл аймагындагы №5162 шайлоо участкасынын дареги Чоң-Алай айыл аймагынын Дароот-Коргон айылындагы спорт залынын имаратынан Ч.Сулайманов көч., №180 дареги боюнча жайгашкан А.Мурзакулов атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

2. Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагындагы №5155 шайлоо участкасынын дареги Жекенди айыл аймагынын Жекенди айылындагы спорт залынын имаратынан Ак чөп көч., №3 дареги боюнча жайгашкан «Кыргызстан» орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

3. Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясы Чоң-Алай жана Жекенди айыл өкмөттөрү менен биргеликте шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

4. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 25-октябрындагы № 83 (3637) саны менен жарыяланды

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
