Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Ош шаарындагы № 5273, № 5325, № 5563, № 5564 жана № 5283 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2024-жылдын 17-октябры №163 Ош шаарындагы №5273, №5325, №5563, №5564 жана №5283 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 10-октябрындагы №14, Ош шаарындагы №5273, №5325, №5563, №5564 жана №5283 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө чечими келип түшкөн. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын чечими 2024-жылдын 2-октябрындагы №25/2688, №25/2689, №25/2736, №25/2737, 25/2910 Ош шаарынын мэриясынын кайрылуусунун негизинде кабыл алынган. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдарынын жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын башкаруунун тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарындагы №5273 шайлоо участкасынын дареги «Рахат» кафесинин имаратынан Ишматов көч., №2/33 дареги боюнча жайгашкан «Монтажник» ЖАКтын имаратына өзгөртүлсүн.
2. Ош шаарындагы №5325 шайлоо участкасынын дареги үй-бүлөлүк медицина борборунун №10 филиалынын имаратынан Ташкент көч., 35/1 дареги боюнча жайгашкан «Мурас» инновациялык колледжинин имаратына өзгөртүлсүн.
3. Ош шаарындагы №5563 шайлоо участкасынын дареги менчик үй имаратынан Ак-Тилек к/р, №5/18 дареги боюнча жайгашкан № 85 «Таштилла эжеке» мектепке чейинки мекеме уюмунун имаратына өзгөртүлсүн.
4. Ош шаарындагы №5564 шайлоо участкасынын дареги «Ак-Терек» кафесинин имаратынан Мамыров көч., №95а дареги боюнча жайгашкан үй-бүлөлүк медицина борборунун №3 филиалынын имаратына өзгөртүлсүн.
5. Ош шаарындагы №5283 шайлоо участкасынын дареги В.Терешкова атындагы интернат-мектебинин имаратынан Урицкая көч., № 2 дареги боюнча жайгашкан №20 мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
6. Ош аймактык шайлоо комиссиясы Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
7. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 25-октябрындагы № 83 (3637) саны менен жарыяланды
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 "Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын…Постановление · 20.01.2020 · № 4 · Күчүн жоготкон