# Военно-Антоновка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 25-сентябрындагы № 01-5/93 "Администрациялык-аймактык реформа жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Военно-Антоновка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 25-сентябрындагы № 01-5/93 "Администрациялык-аймактык реформа жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-5/93
- Кабыл алынган күнү: 25.09.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230016320>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78226/edition/19397/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230016320.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Военно-Антоновка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 25-сентябрындагы № 01-5/93 "Администрациялык-аймактык реформа жөнүндө" токтому (25.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230016320

---

ВОЕННО-АНТОНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2023-жылдын 25-сентябры № 01-5/93 Администрациялык-аймактык реформа жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги №65 «Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” мыйзамынын 12-беренесин жетекчиликке алып, Военно-Антоновка айыл аймагында 2023-жылдын 20-сентябрында болуп өткөн айылдык жыйындын №6 протоколуна ылайык Военно-Антоновка айыл аймагынын калкынын санынын көптүгү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жер мунапысына ылайык дагы 15-20 миң адам отурукташып жаткандыгы ошондой эле 2025-жылы Бишкек шаарынын аймагына киргизүү планында каралгандыгына байланыштуу Военно-Антоновка айылдык кеңеши жергиликтүү элдин пикирин эске алуу менен чечим кылат:

1. Администрациялык-аймактык реформанын жүрүшүндө Военно-Антоновка айыл аймагы өз алдынча калтырылсын.

2. Бул токтом Военно-Антоновка айыл өкмөтү тарабынан тиешелүү мамлекеттик мекемелерге жөнөтүлсүн.

Төрага

Мураталиев У.М.
