# 2023–жылдын 06-апрелиндеги №22/76 "Кызыл-Кыя шаарындагы магистралдык жылуулук куурларын Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: 2023–жылдын 06-апрелиндеги №22/76 "Кызыл-Кыя шаарындагы магистралдык жылуулук куурларын Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 22/76
- Кабыл алынган күнү: 06.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230016227>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-34072/edition/19205/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2023–жылдын 06-апрелиндеги №22/76 "Кызыл-Кыя шаарындагы магистралдык жылуулук куурларын Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (06.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230016227

---

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2023–жылдын 06-апрелиндеги №22/76

Кызыл-Кыя шаарындагы магистралдык жылуулук куурларын Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы №49-т тескемесине жана шаардык кенештин Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023–жылдын 28-мартындагы №30 протоколуна негиз, Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын 2023-жылдын 11-мартындагы № 01-8/378 катын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин балансында турган жалпы узундугу 6031 метр магистралдык жылуулук куурлары Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүлүп берилсин, тиркеме №1.

2. Токтомго ылайык жылуулук куурларын өткөрүп берүү боюнча тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо шаардын мэри А.Маткалыковго жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Ж. Калматов

Кызыл-Кыя шаардык кенешинин (VII-чакырылышы) 2023-жылдын 06-апрелиндеги кезексиз 22-сессиясынын № 22/76 токтомуна 1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүлүп берилүүчү Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин балансында турган магистралдык жылуулук куурлары

№

Куурлардын диаметри(d)

узундугу(l)

Эскертме

Ички кварталдык жер устундогу жылуулук куурлары

1

100

1328

2

89

856

3

76

963

4

50

320

5

30

50

Бардыгы

3517

Ички кварталдык жер астындагы жылуулук куурлары

1

100

100

2

Бардыгы

100

Жер устундогу магистралдык жылуулук куурлары

1

273

400

2

250

336

3

219

400

4

150

125

Бардыгы

1261

Жер астындагы магистралдык жылуулук куурлары

1

250

183

2

200

340

3

150

155

4

100

475

Бардыгы

1153

Жылуулук тармагынын жер устундогу жылууланган жылуулук куурлары

1

3517
