# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Ветеринария жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230016224)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 29-июлунун № 150 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Ветеринария жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу " Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230016224/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5416/edition/19215/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230016224/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Ветеринария жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 2-берене (29.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230016224/st-2

---

"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 22-октябры, № 109) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 7-берененин 19-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"19) өзгөчө кырдаалдардын, табигый кырсыктардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды координациялайт жана жүзөгө ашырат, ошондой эле тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин аймагында жаныбарлардын жугуштуу ылаңдары жайылган учурда Кыргыз Республикасынын ветеринария чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте карантинди жана чектөөчү иш-чараларды белгилейт;";

2) 11-берененин 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"13) жаныбарлардын жугуштуу ылаңдары жайылган учурда Кыргыз Республикасынын ветеринария чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте карантинди жана чектөөчү иш-чараларды белгилейт жана токтотот, ошондой эле ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.";

3) 48-берененин 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"16) шаардын аймагында жаныбарлардын жугуштуу ылаңдары пайда болгон учурда Кыргыз Республикасынын ветеринария чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте карантинди жана чектөөчү иш-чараларды белгилейт жана токтотот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.";

4) 51-берененин 10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"10) айылдын аймагында жаныбарлардын жугуштуу ылаңдары пайда болгон учурда Кыргыз Республикасынын ветеринария чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте карантинди жана чектөөчү иш-чараларды белгилейт жана токтотот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.";

5) 54-берененин 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"11) Кыргыз Республикасынын ветеринария чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте карантинди жана чектөөчү иш-чараларды белгилейт жана токтотот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230016224/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230016224/st-3)
