# Миң-Булак айылдык аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 21 "Садовое айылдык кеңешинин кабыл алынган 2022-жылдын 13-апрелиндеги № 79, 2023-жылдын 06-сентябрындагы № 157-токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Миң-Булак айылдык аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 21 "Садовое айылдык кеңешинин кабыл алынган 2022-жылдын 13-апрелиндеги № 79, 2023-жылдын 06-сентябрындагы № 157-токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 22.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230016205>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-34059/edition/19189/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230016205.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Миң-Булак айылдык аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 21 "Садовое айылдык кеңешинин кабыл алынган 2022-жылдын 13-апрелиндеги № 79, 2023-жылдын 06-сентябрындагы № 157-токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө" токтому (22.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230016205

---

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Айылдык кеңешинин 3-кезексиз сессиясы 2024-жылдын 22-апрели № 21 Садовое айылдык кеңешинин кабыл алынган 2022-жылдын 13-апрелиндеги №79, 2023-жылдын 06-сентябрындагы №157-токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековдун “Жерлерди трансформациялоо жөнүндө" маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” №241 мыйзамынын 10-беренесине ылайык, жерлерди трансформациялоо боюнча жаңы токтом кабыл алынуусуна байланыштуу Айылдык кеңеш токтом кылат:

1. Садовое айылдык кеңешинин 2022-жылдын 13-апрелинде кабыл алынган “Жайыт жерлерин уруулар чарбасына (канаттуулары фермасы) өзгөртүү” жөнүндө №79 токтому, Садовое айылдык кеңешинин 2023-жылдын 06-сентябрындагы “№11, 22, 23, 24, 27, № 882, № 883, № 884 контурларындагы жайыт жерлерин которууга макулдук берүү” жөнүндө № 157 токтому жокко чыгарылсын.

2. Ушул токтом ченемдик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына жөнөтүлсүн

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековко жүктөлсүн.

Төрага

Саркулов Б.К.
