Миң-Булак айылдык аймагынын айылдык кеңешинин «Садовое айылдык кеңешинин кабыл алынган 2022-жылдын 13-апрелиндеги № 79, 2023-жылдын 06-сентябрындагы № 157-токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Айылдык кеңешинин 3-кезексиз сессиясы 2024-жылдын 22-апрели № 21 Садовое айылдык кеңешинин кабыл алынган 2022-жылдын 13-апрелиндеги №79, 2023-жылдын 06-сентябрындагы №157-токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековдун “Жерлерди трансформациялоо жөнүндө" маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” №241 мыйзамынын 10-беренесине ылайык, жерлерди трансформациялоо боюнча жаңы токтом кабыл алынуусуна байланыштуу Айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Садовое айылдык кеңешинин 2022-жылдын 13-апрелинде кабыл алынган “Жайыт жерлерин уруулар чарбасына (канаттуулары фермасы) өзгөртүү” жөнүндө №79 токтому, Садовое айылдык кеңешинин 2023-жылдын 06-сентябрындагы “№11, 22, 23, 24, 27, № 882, № 883, № 884 контурларындагы жайыт жерлерин которууга макулдук берүү” жөнүндө № 157 токтому жокко чыгарылсын.
2. Ушул токтом ченемдик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына жөнөтүлсүн
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековко жүктөлсүн.
Төрага
Саркулов Б.К.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241