# Өрүктү айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-июлу № 5 "Өрүктү айылы Мамлекеттик айыл чарба фондунун жерлерин башкаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Өрүктү айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-июлу № 5 "Өрүктү айылы Мамлекеттик айыл чарба фондунун жерлерин башкаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230016156>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-34005/edition/19082/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрүктү айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-июлу № 5 "Өрүктү айылы Мамлекеттик айыл чарба фондунун жерлерин башкаруу жөнүндө" токтому (10.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230016156

---

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы 2023-жылдын 10-июлу № 5 Өрүктү айылы Мамлекеттик айыл чарба фондунун жерлерин башкаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы №329-НИ буйругун жетекчиликке алып, Өрүктү айыл аймагында түзүлгөн акттын негизинде мамлекеттик айыл-чарба фондунун жерлерин ижарага берүүдө бааларын аныктоо үчүн коэффициентин бекитүү жана мамлекеттик айыл чарба фондунун жерлеринин келечек планын иштеп чыгуу боюнча комиссия түзүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы токтом кылат:

1.Мамлекеттик айыл чарба фондунун жерлерин ижарага берүүдө бааларын аныктоо үчүн коэффициенттери КРӨ №309-токтомуна ылайык, Өрүктү айыл аймагында №1362 контур 20 коэфициент, №1240 контур 10 коэфициент болуп бекитилсин

2. Мамлекеттик айыл чарба фондунун жерлеринин келечек планын иштеп чыгуу боюнча комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

- Н. Абдраимов – Өрүктү айылдык Кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, комиссиянын төрагасы;

- Р. Кийикбаев – айыл аймак башчысы, комиссиянын мүчөсү;

- Ш Ниязбеков – айыл аймактын жер адиси, комиссиянын мүчөсү;

- Т. Кулумбетов – экономист-стаисти, комиссиянын мүчөсү;

- Ж. Хасанбаев – жергиликтүү Кеңештин төрайымынын орун басары, комиссиянын мүчөсү;

- М. Кулматов – жергиликтүү Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;

- С. Абдиев - жергиликтүү Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;

- Т. Оңолбаева - жергиликтүү Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;

- Р. Темиралиев - жергиликтүү Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;

- И. Макамбаев – Орто-Токой, Чолок-Тума айылдарынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү;

- К. Аширбек уулу – Өрүктү айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү.

3. Мамлекеттик кайра бөлүштүрүү жерлеринин айыл-чарба багытындагы келечек планын иштеп чыгуу жана бекитүү үчүн жергиликтүү Кеңештин сессиясына сунуштоо түзүлгөн комиссиянын курамына милдеттендирилсин..

4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, агрардык маселе, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Өрүктү айылдык кеңешинин төрайымы

К. С. Усенбаева
