# Красный Восток айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-октябрындагы № 11/5 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун перспективалык планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Красный Восток айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-октябрындагы № 11/5 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун перспективалык планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11/5
- Кабыл алынган күнү: 14.10.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230016133>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-33986/edition/18998/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230016133.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Красный Восток айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-октябрындагы № 11/5 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун перспективалык планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (14.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230016133

---

КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2022-жылдын 14-октябрындагы № 11/5

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун перспективалык планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы N 494 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы № 329- буйругуна ылайык, «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк чарбаларына, асыл тукум чарбаларына жана айыл чарба кооперативдерине берүүнүн тартибин бекитүү тууралуу» Красновосточный айылдык Кеңешинин сессиясы:

ТОКТОМ кылат:

1. Красный Восток айылдык Кеңешинин 2019-жылдын 9-апрелиндеги № 12/3 токтому менен бекитилген “Красновосточный айыл өкмөтүнүн 2019-2024-жылдарга айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун Перспективдүү планынын” графикалык жана текстик бөлүктөрүнө өзгөртүүлөр киргизилсин.

2. Бул токтом Красновосточный айыл аймагынын сайтына жарыялансын.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүндө мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Красный Восток айыл өкмөтүнүн башчысы С.Ж.Суйналиевке милдеттендирилсин.

Төрага

Абдусаматов У.К.
