# Ивановка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 29- декабря № 104/XXII -29 "Ивановка айыл өкмөтүнүн резервдик фондун бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ивановка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 29- декабря № 104/XXII -29 "Ивановка айыл өкмөтүнүн резервдик фондун бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 104/XXІІ -29
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230016107>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-33962/edition/18892/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230016107.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ивановка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 29- декабря № 104/XXII -29 "Ивановка айыл өкмөтүнүн резервдик фондун бекитүү жөнүндө" токтому (29.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230016107

---

ИВАНОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2022-жылдын 29- декабря № 104/XXII -29 Ивановка айыл өкмөтүнүн резервдик фондун бекитүү жөнүндө Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысы К. С. Курманалиевдин учурдагы бюджеттик жылда кечиктирилгис каржылоону талап кылган күтүлбөгөн чыгымдарды каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттин резервдик фондун көбөйтүү зарылдыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, 2016-жылдын 16-майындагы Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесинин негизинде, Ивановка айылдык кеңеши, Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Ивановка айыл өкмөтүнүн резервдик фондунун өлчөмү жергиликтүү бюджеттин чыгымдарынын көлөмүнөн 2% ашык эмес бекитилсин.

2. Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысы резервдик фонддун каражаттарын чыгымдоодо ушул Жобону бекем жетекчиликке алсын.

3. Жергиликтүү бюджеттин резервдик фондун пайдалануу жөнүндө маалымат алардын аткарылышы жөнүндө отчетко тиркелет жана милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Ивановка айылдык кеңешинин төрагасы У. С. Раимбековго жана Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысы К. С. Курманалиевге жүктөлсүн.

Төрага У.С.Раимбеков
