# Красный Восток айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-октябрындагы № 11/4 "Мүлк салыгын киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Красный Восток айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-октябрындагы № 11/4 "Мүлк салыгын киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11/4
- Кабыл алынган күнү: 14.10.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230016089>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-33943/edition/18861/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230016089.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Красный Восток айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-октябрындагы № 11/4 "Мүлк салыгын киргизүү жөнүндө" токтому (14.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230016089

---

КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2022-жылдын 14-октябрындагы № 11/4

Мүлк салыгын киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 404-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүнүн, 37-беренесинин 3-бөлүгүнүн жоболоруна ылайык, жана ошондой эле 2022-жылдын 18-январындагы «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» № 4 Мыйзамынын 2-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде, Красновосточный айылдык Кеңешинин сессиясы:

ТОКТОМ кылат:

1. Красновосточный айыл аймагына 2023-жылдын 1-январынан тартып салыктын төмөнкү түрлөрүнө мүлк салыгы киргизилсин:

- айыл чарба жерлерине салык;

- турак жайга, жайга жана курулушка салык;

- турак эмес имаратка, жайга жана курулмага салык;

- айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык;

- транспорт каражаттарына салык;

- калктуу конуштардын жерлерине салык.

2. Красновосточный айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын милдетин аткаруучу (М.А.Токчулуков) бул токтомду айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына каттоодон өткөрүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красновосточный айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Т.Кадыралиевага жүктөлсүн.

Жөнөтүлсүн: иш кагаздар тиркемесине, Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына

Төрага

Абдусаматов У.К.
