# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 626 "Медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүүнүн тартибин бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 626 "Медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүүнүн тартибин бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 626
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230016048>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-33917/edition/18778/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230016048.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 626 "Медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүүнүн тартибин бекитүү тууралуу" токтому (17.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230016048

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 17-октябры № 626

Медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүүнүн тартибин бекитүү тууралуу

"Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында жүргүзүлөт деп белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-июлундагы № 313 "Медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүүнүн тартибин бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 22-октябрындагы № 82 (3636) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
