# Ивановка айылдык кеӊешинин 2022-жылдын 29- апрели № 51/X-29 "Медресеси бар мечит курууга станция Ивановкадан жер тилкесин берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ивановка айылдык кеӊешинин 2022-жылдын 29- апрели № 51/X-29 "Медресеси бар мечит курууга станция Ивановкадан жер тилкесин берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: № 51/ X-29
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230016037>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-33912/edition/18764/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230016037.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ивановка айылдык кеӊешинин 2022-жылдын 29- апрели № 51/X-29 "Медресеси бар мечит курууга станция Ивановкадан жер тилкесин берүү жөнүндө" токтому (29.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230016037

---

ИВАНОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2022-жылдын 29- апрели № 51/X-29

Медресеси бар мечит курууга станция Ивановкадан жер тилкесин берүү жөнүндө

Чүй облусунун мусулмандар казыятынын 2022-жылдын 18-апрелиндеги № 53 кайрылуусун карап, Жер, айыл чарба жана экология боюнча комиссиянын 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 15 отурумунун протоколунун, Ысык-Ата райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан «Станция Ивановка, Токтогула н/ж көчөсунө медресеси бар мечитке жер тилкесин түзүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө” курулуш комплексин (мечит, медресе, тигүү цехи, компьютердик класс) куруу үчүн берилген Пландын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 25-беренесин жетекчиликке алып, Ивановка айылдык кеӊеши

токтом кылат:

1.Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын жалпы талаптарын сактоо менен курулуш комплексин (мечит, медресе, тигүү цехи, компьютердик класс) куруу үчүн Чүй облусунун мусулмандар казыятынына Ивановка айыл өкмөтү тарабынан Токтогул, н/ж көчөсүндө жайгашкан 1940,00 м2 жер тилкесин бөлүп берүү сунушталсын.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Иваново айыл өкмөтүнүн башчысы Мээрим Кадыркуловна Мадияровага жүктөлсүн.

Төрага

Г. Т.Самсалиева
