# Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин 2024-жылынын 09-августундагы №40 “Чолпон-Ата айылындагы №20 “Ак Тилек” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин атын өзгөртүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин 2024-жылынын 09-августундагы №40 “Чолпон-Ата айылындагы №20 “Ак Тилек” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин атын өзгөртүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230016035>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78198/edition/18758/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин 2024-жылынын 09-августундагы №40 “Чолпон-Ата айылындагы №20 “Ак Тилек” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин атын өзгөртүү жөнүндө” токтому (09.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230016035

---

КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын

2024-жылдын 9-августу №40

“Чолпон-Ата айылындагы №20 “Ак Тилек” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин атын өзгөртүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген”Мамлекеттик маанидеги обьектерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу”Жобонун негизинде (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы №353 токтомдорунун редакцияларына ылайык) жана Кетмен-Дөбө айылдык кенештин туруктуу комиссиясынын протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги Vll сессиясы токтом кылат:

1.Билим берүү,саламаттыкты сактоо, жаштар,спорт, маданий жана социалдык маселелер,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 7-августундагы №5 протоколдук чечими эске алынсын.

2.Чолпон-Ата айылындагы №20 “Ак Тилек” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин атын , көп жылдан бери билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген ,Улуу Ата мекендик согуштун жесири маркум Калича Апа атындагы №20 мектепке чейинки билим берүү уюму мекемеси болуп өзгөртүлсүн.

3. Калича Апа атындагы №20 мектепке чейинки билим берүү уюму мекемеси тиешелүү баардык документтерди даярдатуу,жазмаларды,белгилерди илдирүү Калича Жунусованын уул-кыздарына милдеттендирилсин. 4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагын билим берүү,саламаттыкты сактоо, жаштар,спорт, маданий жана социалдык маселелер,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Жолдошовго тапшырылсын.

5.Бул токтом https://ketmen-dobo.kg/веб- сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

Төрайым

А.К. Жумалиева
