Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо системасы жөнүндө ЖОБО
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 20 апреля 2026 года № 264 «О признании утратившим силу постановления Кабинета Министров Кыргызской Республики «Об утверждении Положения о системе сертификации средств защиты информации» от 15 октября 2024 года № 621»» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-04-20.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-октябрындагы № 621 токтомуна)
Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо системасы жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматты коргоо максатында колдонулуучу маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо жол-жобосун уюштуруу жана жүргүзүү тартибин аныктайт.
2. Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коопсуздук боюнча талаптарга ылайык жүргүзүлөт.
2-глава. Негизги терминдер
3. Ушул Жобонун максаттары үчүн колдонулуучу түшүнүктөр төмөнкүлөрдү билдирет:
маалыматты коргоо каражаттары (мындан ары - МКК) - маалыматты, алар ишке ашырылган каражаттарды коргоо үчүн багытталган техникалык, криптографиялык, программалык жана башка каражаттар, ошондой эле маалыматты коргоонун натыйжалуулугун контролдоо каражаттары; МККны сертификациялоо (мындан ары - сертификациялоо) - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген маалыматты коргоо боюнча улуттук стандарттардын же башка ченемдик документтердин талаптарына алардын шайкештигин ырастоо боюнча иш; ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган; макулдашуучу органдар - Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү, Кыргыз Республикасын санариптештирүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы; даярдоочу - жеке ишкер катары катталган, өзүнүн атынан МККны өндүрүүнү жана сатууну ишке ашырган жана анын коопсуздук боюнча талаптарга шайкештиги үчүн жооптуу юридикалык же жеке жак, анын ичинде чет өлкөлүк даярдоочу; даярдоочу ыйгарым укук берген адам - жеке ишкер катары катталган, чет өлкөлүк даярдоочу менен келишимдин негизинде ошол даярдоочунун атынан Кыргыз Республикасынын аймагында МККнын шайкештигин баалоодо жана чыгарууда иш алып барган, ошондой эле МККнын коопсуздук боюнча талаптарга ылайык келбегендиги үчүн жоопкерчилик тарткан юридикалык же жеке жак; коопсуздук боюнча талаптар - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген маалыматты коргоо чөйрөсүндөгү улуттук стандарттарда же башка ченемдик укуктук актыларда баяндалган МККны техникалык жөнгө салуу жаатындагы милдеттүү талаптар; коопсуздук боюнча тапшырма - сертификациялануучу МКК үчүн коопсуздук боюнча талаптарды камтыган документ; сыноо - МККнын касиеттеринин мүнөздөмөлөрүнүн улуттук жана (же) эл аралык ченемдик-техникалык документтерге шайкештигин аныктоо максатында жүргүзүлүүчү МККны сыноо/өлчөө; формуляр (паспорт) - даярдоочунун кепилдигин, буюмдун негизги параметрлеринин жана касиеттеринин маанисин күбөлөндүрүүчү маалыматтарды камтыган документ.
3-глава. Негизги максаттар жана сертификацияланууга тийиш каражаттар
4. МККны сертификациялоо системасынын максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- маалыматташтыруу чөйрөсүндө улуттук коопсуздукту камсыз кылуу;
- коопсуздук боюнча талаптарды эске алуу менен маалыматташтыруу чөйрөсүндө бирдиктүү илимий-техникалык жана өнөр жай саясатын түзүү жана ишке ашыруу;
- корголгон маалыматтык технологиялар жана аларды камсыздоо каражаттары рыногун түзүүгө көмөк көрсөтүү;
- МККны иштеп чыгууну, ошондой эле андан ары өндүрүүнү жөнгө салуу жана контролдоо;
- керектөөчүлөргө МККны компетенттүү тандоого көмөк көрсөтүү;
- керектөөчүнү даярдоочунун (сатуучунун, аткаруучунун) ак ниетсиздигинен коргоо.
5. Төмөнкүлөр сертификацияланууга тийиш:
- маалыматты техникалык коргоо каражаттары, анын ичинде алар ишке ашырылган каражаттар, ошондой эле маалыматты техникалык коргоонун натыйжалуулугун контролдоо каражаттары;
- маалыматтык технологиялардын коопсуздугун камсыздоо каражаттары, анын ичинде маалыматты иштеп чыгуунун корголгон каражаттары.
Мамлекеттик сырларды түзбөгөн маалыматты коргоо үчүн багытталган криптографиялык (шифрлөө) каражаттар төмөнкүлөр менен бекитилген криптографиялык алгоритмдердин негизинде аткарылууга тийиш:
- Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган улуттук жана эл аралык стандарттар;
- жана Кыргыз Республикасынын маалыматты коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген башка актылар.
6. Мамлекеттик сырларды коргоо үчүн багытталган МККлар ушул Жобону эске алуу менен жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык милдеттүү түрдө сертификацияланууга тийиш.
7. Мамлекеттик эмес сырларды коргоо үчүн багытталган МККлар КМС ИСО/МЭК 15408-3:2024 4-ишеним деңгээлине сертификациялоодон өтүүгө тийиш.
4-глава. Сертификациялоо системасы
8. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөр үчүн колдонулуучу МККны сертификациялоону макулдашат:
- Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен жеке маалыматтарды коргоо;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен банктык сырды түзгөн маалыматтын коопсуздугун камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын санариптештирүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин маалыматтык инфраструктура объекттерин коргоо.
9. Кыргыз Республикасынын сертификациялоо системасынын катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
- ыйгарым укуктуу орган;
- макулдашуучу органдар;
- сыноо лабораториялары;
- өтүнмө ээси.
10. Ыйгарым укуктуу орган өз компетенциясынын чегинде МККга коопсуздук боюнча талаптарды иштеп чыгат жана сертификациялоо жүргүзүүнү уюштурат:
- сертификациялоого өтүнмөлөргө жана берилген документтерге талдоо жүргүзөт;
- сертификациялоо жүргүзүү/жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат;
- МККны сыноо материалдарына талдоо жүргүзөт;
- шайкештик сертификатын берүү/берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат;
- шайкештик сертификатынын колдонулушун токтотуп турат/токтотот;
- ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилүүчү тартипте сертификацияланган МККлардын реестрин жүргүзөт жана аны өзүнүн расмий сайтына жайгаштырат;
- өтүнмө ээсине МККга шайкештик сертификатын берет.
11. Макулдашуучу органдар өз компетенциясынын чегинде сертификациялануучу МККнын тармактык мыйзамдарын коопсуздук боюнча талаптарына шайкештигин аныктайт.
12. Сыноо лабораториялары МККга сыноо жүргүзөт жана анын жыйынтыгы боюнча протоколдорду тариздейт. Сыноо лабораториялары МККга сыноолорду жүргүзүүнүн толуктугун жана жыйынтыгынын аныктыгын камсыз кылууга тийиш.
13. Сыноо лабораториялары Кыргыз Республикасынын шайкештикти баалоо боюнча органдарынын улуттук аккредитациялоо системасында белгиленген тартипте аккредитациядан өтөт.
14. Мамлекеттик сырларды коргоо үчүн багытталган МККга сыноо жүргүзүүчү сыноо лабораториялары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу органда эсепке алынууга тийиш.
15. Сертификациялоо жүргүзүүгө өтүнмө ээлери болуп төмөнкүлөр саналат:
- даярдоочулар (даярдоочу ыйгарым укук берген адам), иштеп чыгуучулар;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, мекемелери жана башка уюмдары.
16. Өтүнмө ээлери сертификациялануучу МККнын коопсуздук боюнча талаптарга шайкеш келишин камсыз кылууга, МККнын кемчиликтерин жана дефектерин, анын ичинде МККнын программалык (аппараттык) камсыздоосунун начар жерлерин жана декларацияланбаган мүмкүнчүлүктөрүн четтетүүгө, ошондой эле эксплуатациялык документтерге өзгөртүү киргизүүгө тийиш.
17. МККны сертификациялоо төмөнкү схемалар боюнча ишке ашырылат:
- МККнын бирдиктүү үлгүсү үчүн - МККнын үлгүсүнө сыноолорду жүргүзүү;
- МККнын партиясы үчүн - МККнын үлгүлөрүн тандоо сыноолорун жүргүзүү;
- МККны сериялык өндүрүү үчүн - МККнын үлгүлөрүн тандоо сыноолорун жүргүзүү.
МККнын бирдиктүү үлгүсүн же партиясын сертификациялоону өтүнмө ээси демилгелейт, эгерде окшош сериялык өндүрүлүүчү сертификацияланган МКК жок болсо. МККнын сериялык өндүрүүнү сертификациялоону МККны иштеп чыгуучу жана (же) өндүрүүчү өтүнмө ээси демилгелейт.
18. МККны сыноо аккредитацияланган сыноо лабораториясында жүргүзүлөт.
19. Шайкештик сертификаты 5 жылдан ашпаган жарактуулук мөөнөтү менен берилет.
20. МККны сыноо өтүнмө ээси менен сыноо лабораториясынын ортосунда түзүлгөн келишимдердин негизинде жүргүзүлөт. Келишимдин тараптары аны ишке ашыруунун жүрүшүндө алынган купуя маалыматты ачыкка чыгарбоого милдеттенет.
5-глава. МККны сертификациялоо жүргүзүү тартиби
21. МККны сертификациялоо төмөнкүдөй жол-жоболорду камтыйт:
- сертификациялоого өтүнмө берүү, өтүнмөгө жана сунушталган документтерге талдоо жүргүзүү;
- МККны сертификациялоо жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
- МККны сыноо жүргүзүү;
- МККны сыноо материалдарын карап чыгуу;
- шайкештик сертификатын берүү (берүүдөн баш тартуу);
- шайкештик сертификатынын иш-аракетин токтотуп туруу;
- шайкештик сертификатынын иш-аракетин токтотуу.
6-глава. Сертификациялоого өтүнмө берүү
22. Өтүнмө ээси МККны сертификациялоо ниети болгондо:
1) сертификациялоо пландаштырылган МККны коопсуздук боюнча талаптар менен белгиленген жана сертификациялоо системасында сертификацияланууга тийиш болгон МККнын типтеринин бирине киргизет;
2) коопсуздук боюнча талаптарды аныктайт, аларга ылайык МККны сертификациялоо жүргүзүү пландаштырылат;
3) МККнын үлгүсүн (үлгүлөрүн) өндүрөт (даярдайт);
4) МККга документтерди даярдайт;
5) МККга сыноо жүргүзүү үчүн аккредитацияланган сыноо лабораториясын тандап, аны менен сыноо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жана мөөнөтүн макулдашат.
23. Шайкештик сертификатын алуу үчүн өтүнмө ээси ыйгарым укуктуу органга сертификациялоого өтүнмөнү берет.
Сертификациялоого өтүнмөдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- МККнын аталышы;
- МККнын багыты;
- өтүнмө ээсинин толук жана кыскартылган (эгерде бар болсо) аталышы, анын уюштуруу-укуктук формасы;
- өтүнмө ээсинин жайгашкан жери, почта дареги, байланыш телефон номери жана электрондук почта дареги (эгер бар болсо);
- өтүнмө ээсинин жетекчисинин толук аты-жөнү (эгерде бар болсо);
- өтүнмө ээсинин атынан МККны сертификациялоого жооптуу адамдын толук аты-жөнү (эгер бар болсо);
- МККны иштеп чыккан жактын (жактардын) аталышы, анын (алардын) жайгашкан жери (мындай жак (жактар) бар болсо көрсөтүлөт);
- МККга карата өзгөчө укуктарга ээ болгон жактын (жактардын) аталышы, анын (алардын) жайгашкан жеринин дареги (мындай жак (жактар) бар болсо көрсөтүлөт);
- сертификациялоо үчүн берилген МККга таандык МККнын тиби (типтери);
- МККны сертификациялоо жүргүзүү тийиш болгон коопсуздук боюнча талаптардын шайкештигине документтер;
- МККны сертификациялоо схемасы (МКК партиясын сертификациялоодо партиядагы МКК үлгүлөрүнүн саны көрсөтүлөт);
- шайкештик сертификатынын көрсөтүлгөн колдонуу мөөнөтү;
- МККга сыноо жүргүзүү пландаштырылган аккредитацияланган сыноо лабораториясынын аталышы, МККга сыноо жүргүзүлө турган жердин дареги.
Сертификациялоого өтүнмөдө өтүнмө ээсинин жетекчиси (мыйзам же уюмдаштыруучу документтер боюнча анын атынан иш алып барган адам) жана сыноо лабораториясынын жетекчиси кол коюуга тийиш. Сертификациялоого өтүнмөнүн үлгүсү № 1 тиркемеде берилген.
24. Сертификациялоого өтүнмөгө төмөнкү документтер тиркелет:
- коопсуздук боюнча тапшырма;
- МККга формуляр (паспорт);
- өтүнмө ээсине МККны сертификациялоого, эксплуатациялоого же өндүрүүгө, ошондой эле МККны техникалык колдоого өзгөчө укукка болгон адам (адамдар) менен келишим (эгерде өтүнмө ээси маалыматты коргоо каражаттарына карата өзгөчө укуктарга ээ болбосо тиркелет).
25. Сертификациялоого өтүнмө жана ага тиркелген документтер буюртма почта жөнөтмөсү аркылуу жөнөтүлүшү же түздөн-түз ыйгарым укуктуу органга берилиши мүмкүн.
Сертификациялоого өтүнмө жана ага тиркелген документтер мамлекеттик же расмий тилде таризделет. Чет тилинде МККнын фирмалык аталышын, МККны иштеп чыккан жактын жана МККга карата өзгөчө укуктарга ээ болгон жактын аталышын, ошондой эле алардын жайгашкан жеринин дарегин көрсөтүүгө уруксат берилет.
7-глава. МККны сертификациялоо жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алуу
26. Ыйгарым укуктуу орган сертификациялоого өтүнмөнү жана ага тиркелген документтерди сертификациялоого өтүнмө алынган күндөн тартып 30 жумуш күндүн ичинде карайт.
27. Сертификациялоого өтүнмө жана (же) ага тиркелген документтер төмөнкү учурларда жеткире иштеп чыгууга кайтарылат:
- берилген документтерде керектүү маалыматтардын жоктугу;
- 23 жана 24-пункттарда көрсөтүлгөн документтердин толук эмес топтомун жөнөтүү;
- сертификациялоого өтүнмөгө тиркелген документтердин коопсуздук боюнча талаптарга шайкеш эместиги.
28. Сертификациялоого өтүнмөнү жана ага тиркелген документтерди талдоонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу орган сертификациялоого өтүнмөдө жана (же) ага тиркелген документтерде анык эмес маалыматтар болсо, МККны сертификациялоодон баш тартат.
29. МККны сертификациялоодон баш тартуу же сертификациялоого өтүнмөнү жана (же) ага тиркелген документтерди жеткире иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө билдирүүгө ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы кол коёт жана өтүнмө ээсине тапшырылат же чечим кабыл алынган күндөн тартып жети жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө ага буюртма почта жөнөтмөсү аркылуу жөнөтүлөт.
30. МККны сертификациялоо жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, чечимде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- каттоо номери жана чечим кабыл алынган датасы;
- МККнын аталышы;
- МККнын багыты;
- өтүнмө ээсинин толук жана кыскартылган (эгерде бар болсо) аталышы, анын уюштуруу-укуктук формасы, өтүнмө ээсинин катталган дареги;
- МККга сыноо жүргүзүлө турган сыноо лабораториясынын аталышы, сыноо жүргүзүлө турган жердин дареги (жерлердин даректери);
- МККны сертификациялоого тийиш болгон коопсуздук боюнча талаптарга шайкеш келген документтер;
- МККны сертификациялоо схемасы.
Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы тарабынан кол коюлган МККны сертификациялоо жүргүзүү жөнүндө чечим үч нускада таризделет жана бирден нускасы өтүнмө ээсине жана сыноо лабораториясына жөнөтүлөт.
31. Ыйгарым укуктуу органдын тийиштүү чечими жок МККны сертификациялоого жол берилбейт (үлгүсү № 2 тиркемеде берилген).
8-глава. МККны сыноо
32. Сыноо жүргүзүү үчүн сыноо лабораториясы МС 31814 шайкештиги тастыкталган учурда продукцияны сыноо үчүн үлгүлөрдү тандап алуунун жалпы эрежелерине ылайык МКК үлгүсүн (үлгүлөрүн) тандап алат.
Конструкциясы, курамы жана даярдоо технологиясы боюнча тандалган МККнын үлгүсү (үлгүлөрү) керектөөчүгө сатууга багытталган МКК үлгүлөрүнө шайкеш келүүгө тийиш. Тандоонун жыйынтыгы боюнча МККнын үлгүсүн (үлгүлөрүн) тандап алуу актысы түзүлүп, төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- каттоо номери жана сертификациялоо жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынган датасы;
- МКК үлгүсү (үлгүлөрү) тандалган дата;
- МККнын аталышы;
- өтүнмө ээсинин аталышы;
- сыноо лабораториясынын аталышы;
- МКК үлгүсүн (үлгүлөрүн) тандоо жүргүзгөн сыноо лабораториясынын адисинин (адистеринин) толук аты-жөнү;
- МКК үлгүсүн (үлгүлөрүн) тандоого катышкан өтүнмө ээсинин адисинин (адистеринин) толук аты-жөнү;
- МККны сертификациялоо схемасы;
- заводдук номерлерди көрсөтүү менен МКК партиясындагы үлгүлөрдүн саны;
- алардын заводдук номерлерин көрсөтүү менен тандалып алынган МКК үлгүлөрүнүн саны;
- МКК үлгүсүнүн (үлгүлөрүнүн) программалык камсыздоосунун контролдук суммасы (МККнын программалык камсыздоосу бар болсо).
МКК үлгүсүн (үлгүлөрүн) тандоо актысына өтүнмө ээси жана МКК үлгүсүн (үлгүлөрүн) тандоого катышкан сыноо лабораториясынын адиси кол коёт жана сыноо лабораториясынын жетекчиси бекитет. МККнын тандалган үлгүсү (үлгүлөрү) үчүн өтүнмө ээси сыноо лабораториясына төмөнкү документтерди тапшырат:
- коопсуздук боюнча тапшырма;
- формуляр (паспорт);
- коопсуздук боюнча талаптарда каралган МККга башка конструктордук (программалык) жана эксплуатациялык документтер.
МКК жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоо максатында өтүнмө ээси МККга документтерди МККга сыноо жүргүзүлгөн жерде бериши мүмкүн.
33. Сыноо лабораториясы тандалган МККнын үлгүсүн жана документтерин карайт, кемчиликтер табылса, өтүнмө ээсине МККны жана (же) документтерди жеткире иштеп чыгуу боюнча сунушун жөнөтөт.
34. Эгерде табылган кемчиликтерди МККга сертификациялоо жүргүзүү келишиминде каралган мөөнөттө жоюу мүмкүн болбосо, сыноо лабораториясы ыйгарым укуктуу органга шайкештик сертификатын берүүдөн баш тартуу сунушун киргизип, бул тууралуу өтүнмө ээсине билдирет.
35. Сыноо МКК параметрлеринин жана мүнөздөмөлөрүнүн (маалыматтын коопсуздук функцияларынын) коопсуздук боюнча талаптарга шайкештигин баалоону караган МККнын тандалып алынган үлгүсүнө (үлгүлөрүнө) сыноолорду жүргүзүүнү камтыйт.
36. Сыноолордун жыйынтыгы боюнча сыноолордун (текшерүүлөрдүн) протоколдору таризделет, алар сыноолорду жүргүзүү үчүн негизди (сертификация жүргүзүү жөнүндө чечимдин номерин), сыноолорду жүргүзүү датасын жана жерин, сыналып жаткан МККнын сыпаттамасын, жүргүзүлгөн сыноолордун сыпаттамасын, МККнын ар бир сыналып жаткан параметри же мүнөздөмөсү (маалыматтын коопсуздук функциясы) боюнча сыноолордун жыйынтыгын, МККнын билдирилген коопсуздук боюнча талаптарга шайкештиги (шайкеш эместиги) жөнүндө корутундуларды камтыйт.
Сыноолордун (текшерүүлөрдүн) протоколуна (протоколдоруна) сыноо жүргүзгөн сыноо лабораториясынын адистеринин колу коюлат жана сыноо лабораториясынын жетекчиси тарабынан бекитилет.
37. МКК коопсуздук боюнча талаптарга шайкеш келбеген учурда, сыноо лабораториясы өтүнмө ээсине МКК билдирилген коопсуздук боюнча талаптарга шайкеш эместиги жөнүндө кабарлама (корутундуларды) жөнөтөт.
Өтүнмө ээси МККнын коопсуздук боюнча талаптарга аныкталган шайкеш эместигин жоюуга жана сыноолорду жүргүзүү келишимине ылайык бул тууралуу сыноо лабораториясына маалымдоого тийиш. МККны сыноо өтүнмө ээси менен сыноо лабораториясынын ортосунда түзүлгөн келишимде белгиленген мөөнөттөрдө жана сыноо методикалары менен жүргүзүлөт.
38. МКК коопсуздук боюнча талаптарга шайкеш келген учурда МККны сыноо материалдарын сыноо лабораториясы ыйгарым укуктуу органга берет.
МККны сыноо материалдарында төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
- МККны сыноо протоколдору;
- МКК үлгүсүн (үлгүлөрүн) тандоо акты;
- коопсуздук боюнча тапшырма эки нускада;
- МККга формуляр (паспорт) эки нускада;
- сыноо жүргүзүүдө өтүнмө ээси берген МККга кошумча документтер.
МККга кошумча документтерден тышкары бардык документтер кагаз жана электрондук түрдө берилет. МККга кошумча документтер электрондук түрдө гана берилет.
9-глава
МККны сыноо материалдарына анализ жүргүзүү жана шайкештик сертификатын берүү (берүүдөн баш тартуу) жөнүндө чечимди кабыл алуу
39. Ыйгарым укуктуу орган МККны сыноо материалдарына ушул Жобонун талаптарына жана коопсуздук боюнча талаптарга шайкештигине, анын ичинде МККда начар жерлердин же декларацияланбаган мүмкүнчүлүктөрдүн жана МККны колдонуу менен байланышкан коопсуздук коркунучтары жөнүндө маалыматтын болушуна анализ жүргүзөт.
40. Эгерде шайкештик сертификатын берүү мүмкүндүгү/мүмкүн эместиги жөнүндө корутунду чыкса, ыйгарым укуктуу орган МККны сыноо материалдары келип түшкөн күндөн тартып 30 жумуш күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө шайкештик сертификатын берүү жөнүндө/берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат (үлгүсү № 3 тиркемеде берилген).
41. Шайкештик сертификатынын бланкы так отчёттуулуктагы документ болуп саналат. Шайкештик сертификатынын бланкына, анын тиркемелерине карата талаптар жана аларды толтуруу эрежелери ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
42. Сертификациялоо боюнча оң чечим болгон учурда ыйгарым укуктуу орган шайкештик сертификатын тариздеп, кол коюлгандан кийин 10 жумуш күндүн ичинде аны сертификацияланган МКК реестрине каттайт жана өтүнмө ээсине почта аркылуу же жеке өзүнө жөнөтөт.
43. МККны сыноо материалдарында кемчиликтер табылган учурда, ыйгарым укуктуу орган табылган кемчиликтердин сыпаттамасын тиркеп, аларды жоюу боюнча сунуштар менен материалдарды сыноо лабораториясына толуктап иштеп чыгууга жөнөтөт. МККны сыноо материалдарында табылган кемчиликтер жөнүндө кабарлама алардын сыпаттамалары жана жоюу боюнча сунуштар менен бирге өтүнмө ээсине жөнөтүлөт.
44. Сыноо лабораториясы жана өтүнмө ээси кабарламаны алган күндөн тартып 30 жумуш күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө табылган кемчиликтерди жоюуга тийиш.
МККга кайра сыноо жүргүзүү зарыл болгон учурда МККны сыноонун толукталып иштелип чыккан материалдары ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.
45. МККны сыноонун толукталып иштелип чыккан материалдары берилбеген учурда, ыйгарым укуктуу орган шайкештик сертификатын берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Шайкештик сертификатын берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын колу коюлуп, 7 жумуш күндүн ичинде почта аркылуу өтүнмө ээсине жөнөтүлөт.
10-глава. Шайкештик сертификатын колдонууну токтото туруу
46. Шайкештик сертификатын колдонуу төмөнкү учурларда токтотулуп турат:
- сертификацияланган МККнын коопсуздук боюнча талаптарга шайкеш эместик факты аныкталса жана сертификацияланган МККнын начар жерлери же декларацияланбаган мүмкүнчүлүктөрү болсо;
- өтүнмө ээси шайкештик сертификатын колдонууну токтото туруу жөнүндө кайрылса.
47. Шайкештик сертификатын колдонууну токтото туруу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен таризделет.
Шайкештик сертификатын колдонуу 90 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө токтотулушу мүмкүн. Ыйгарым укуктуу орган чечим кабыл алынган күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде өтүнмө ээсине шайкештик сертификатын колдонууну токтото туруу жөнүндө кабарламаны почта аркылуу жөнөтөт же колуна берет. Кабарламада 90 календардык күндөн ашпоого тийиш болгон МККнын коопсуздук боюнча талаптарга шайкеш эместигин жоюу мөөнөтү көрсөтүлөт.
48. Шайкештик сертификатын колдонуу токтотулган учурда, өтүнмө ээси сертификацияланган МККны өндүрүүнү жана сатууну токтотууга тийиш.
49. Шайкештик сертификатын колдонуу төмөнкү учурларда кайра улантылат:
- МККнын коопсуздук боюнча талаптарга шайкеш эместиги жоюлса жана шайкеш эместиктин жоюлгандыгын ырастоочу материалдар ыйгарым укуктуу органга берилсе;
- эгерде шайкештик сертификатын колдонууну токтото туруу жөнүндө чечим өтүнмө ээсинин кайрылуусу боюнча кабыл алынган учурда, өтүнмө ээси шайкештик сертификатын колдонууну кайра улантуу жөнүндө кайрылса.
50. Шайкештик сертификатын колдонууну кайра улантуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен таризделет.
Ыйгарым укуктуу орган чечим кабыл алынган күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде өтүнмө ээсине шайкештик сертификатын колдонууну кайра улантуу жөнүндө кабарламаны почта аркылуу жөнөтөт же колуна берет.
11-глава. Шайкештик сертификатын колдонууну токтотуу
51. Шайкештик сертификатын колдонуу төмөнкү учурда токтотулат:
- өтүнмө ээси МККнын коопсуздук боюнча талаптарга шайкеш эместиги жоюлгандыгын ырастоочу материалдарды белгиленген мөөнөттө бербесе;
- өтүнмө ээси шайкештик сертификатын колдонууну токтотуу жөнүндө кайрылса;
- шайкештик сертификатын колдонуу мөөнөтү аяктаса.
52. Шайкештик сертификатын колдонууну токтотуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен таризделет.
Ыйгарым укуктуу орган чечим кабыл алынган күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде өтүнмө ээсине шайкештик сертификатын колдонуу токтотулганы жөнүндө кабарламаны почта аркылуу жөнөтөт же колуна берет.
53. Шайкештик сертификатын колдонуу токтотулган учурда өтүнмө ээси МККны өндүрүүнү жана сатууну токтотууга тийиш.
54. Ыйгарым укуктуу орган сертификацияланган МКК реестрине шайкештик сертификатын колдонуу токтотулганы жөнүндө маалыматтарды киргизет.
12-глава. Талаш-тартыштарды чечүү
55. Ыйгарым укуктуу орган менен өтүнмө ээсинин ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар эки тараптуу сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
56. Талаш-тартыштарды ушундай жол менен жөнгө салуу мүмкүн эмес болгон учурда, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилүүгө тийиш.
Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо системасы жөнүндө жобого 1-тиркеме
__________________________________________________________________(МККны сертификациялоого) ӨТҮНМӨ
Маалыматты коргоо каражатынын аталышы:
______________________________________________________________________
Маалыматты коргоо каражатынын багыты:
______________________________________________________________________ корголуучу маалымат деңгээли, иш чөйрөсү
Өтүнмө ээси:
______________________________________________________________________ уюштуруу-укуктук формасы жана аталышы
Өтүнмө ээсинин турган жеринин чегиндеги дареги:
______________________________________________________________________
Өтүнмө ээсинин почта дареги:
______________________________________________________________________
Өтүнмө ээсинин жетекчисинин аты-жөнү:
______________________________________________________________________
Маалыматты коргоо каражатын сертификациялоого жооптуу адамдын аты-жөнү:
______________________________________________________________________
Өтүнмө ээсинин байланыш телефону (телефондору):
______________________________________________________________________
Өтүнмө ээсинин электрондук почта дареги (бар болсо):
______________________________________________________________________
Маалыматты коргоо каражатын иштеп чыгуучу (иштеп чыгуучулар) (маалыматты коргоо каражатын иштеп чыгуучу бар болсо):
______________________________________________________________________ аталышы, турган жеринин дареги
Маалыматты коргоо каражатынын укук ээси (укук ээлери) (маалыматты коргоо каражатынын укук ээси (ээлери) бар болсо):
______________________________________________________________________
Маалыматты коргоо каражатынын тиби:
______________________________________________________________________ маалыматты коргоо каражатынын тибинин аталышы (типтеринин аталыштары)
Коопсуздук боюнча талаптар:
______________________________________________________________________ шайкештигине маалыматты коргоо каражатын сертификациялоо жүргүзүү пландалган документтердин аталыштары
Маалыматты коргоо каражатын сертификациялоо схемасы:
______________________________________________________________________
Шайкештик сертификатын колдонуунун билдирилген мөөнөтү:
______________________________________________________________________
Сыноо лабораториясы, сыноолорду өткөрүү жери:
______________________________________________________________________ сыноолорду жүргүзүү жеринин дареги, маалыматты коргоо каражаттарына сыноо жүргүзүү пландалган сыноо лабораториясынын аталышы
Тиркеме
1. Өтүнмөгө тиркелген документтер
2. Өтүнмөгө тиркелген документтердин тизими
Өтүнмө ээсинин жетекчисинин (мыйзам же уюмдаштыруучу документтер боюнча анын атынан иш алып барган адамдын) кызмат орду
М.О.
(бар болсо)
колу инициалдары, фамилиясы "___" _________ 20__-ж.
Сыноо лабораториясынын жетекчисинин кызмат орду
М.О.
(бар болсо)
колу инициалдары, фамилиясы "___" _________ 20__-ж.
Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо системасы жөнүндө жобого 2-тиркеме
________________________________________________ жүргүзүү жөнүндө (маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо) ЧЕЧИМ
20___-жылдын ___-__________ № __________
Маалыматты коргоо каражатынын аталышы:
______________________________________________________________________
Маалыматты коргоо каражатынын багыты:
______________________________________________________________________ корголуучу маалыматтын деңгээли иш чөйрөсү
Өтүнмө ээси:
______________________________________________________________________ өтүнмө ээсинин уюштуруу-укуктук формасы жана аталышы
Өтүнмө ээсинин дареги:
______________________________________________________________________
Сыноо лабораториясы:
______________________________________________________________________ аталышы жана жайгашкан дареги
Коопсуздук боюнча талаптар:
______________________________________________________________________ маалыматты коргоо каражатын сертификациялоо жүргүзүү тийиш болгон талаптардын шайкештигине документтердин аталышы
Маалыматты коргоо каражатын сертификациялоо схемасы:
______________________________________________________________________
Сыноо жүргүзүлө турган жер:
______________________________________________________________________ маалыматты коргоо каражатына сыноо жүргүзүү пландаштырылган сыноо лабораториясынын аталышы, сыноо жүргүзүлө турган жердин дареги
Ыйгарым укуктуу органдын адамынын кызмат орду
колу
аты-жөнү
Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо системасы жөнүндө жобого 3-тиркеме
№ ____________________________________________шайкештик сертификатынын номери ШАЙКЕШТИК СЕРТИФИКАТЫ
Берилди: ________________________________________________________________________________ шайкештик сертификаты берилген датасы _______________________________________________________________________ чейин күчүндө болот шайкештик сертификатынын колдонуу мөөнөтү аяктаган датасы Ушул сертификат __________________________________________________________________________ маалыматты коргоо каражатынын аталышы (________________________________________________________________________________________) маалыматты коргоо каражатын сертификациялоо схемасы __________________________________________________________________________ иштеп чыкканын, маалыматты коргоо каражатын иштеп чыккан жактын аталышы _____________________________________________________________________________ өндүргөнүн, маалыматты коргоо каражатын өндүрүүчү жактын аталышы _______________________________________________________________________ болуп саналганын, маалыматты коргоо каражаты кирген типтин (типтердин) аталышы ________________________________________________________________________________________ маалыматты коргоо каражатына сертификациялоо жүргүзүлгөн документтердин аталышы, ишеним деңгээли көрсөтүлөт (болгондо) _____________________________________________________ талаптарга жооп бергенин күбөлөндүрөт. Сертификат сыноо лабораториясы жүргүзгөн сыноонун жыйынтыгынын негизинде берилди ________________________________________________________________________________________ сыноо лабораториясынын аталышы (__________________________________________________________________ аккредитация аттестаты) сыноо лабораториясын аккредитациялоо аттестаты берилген датасы жана номери Протокол _______________________________________________________________________________ протокол(дор) бекитилген датасы
Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы
колу
аты-жөнү
М.О.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 264 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-октябрындагы № 621 «Маалыматты коргоо…Постановление · 20.04.2026 · № 264
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 024-жылдын 15-октябрындагы № 621 "Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 15.10.2024 · № 621 · Күчүн жоготкон