# Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин 2024-жылынын 9-августундагы №39 “Кара-Күнгөй айылындагы Коргон-Шанек фельдшер- акушерлик пунктунун атын өзгөртүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин 2024-жылынын 9-августундагы №39 “Кара-Күнгөй айылындагы Коргон-Шанек фельдшер- акушерлик пунктунун атын өзгөртүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230016031>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78197/edition/18756/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин 2024-жылынын 9-августундагы №39 “Кара-Күнгөй айылындагы Коргон-Шанек фельдшер- акушерлик пунктунун атын өзгөртүү жөнүндө” токтому (09.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230016031

---

КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын

2024-жылдын 9-августу №39

“Кара-Күнгөй айылындагы Коргон-Шанек фельдшер- акушерлик пунктунун атын өзгөртүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген”Мамлекеттик маанидеги обьектерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу”Жобонун негизинде(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы №353 токтомдорунун редакцияларына ылайык) жана Кетмен-Дөбө айылдык кенештин туруктуу комиссиясынын протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги Vll сессиясы токтом кылат:.

1.Билим берүү,саламаттыкты сактоо, жаштар,спорт, маданий жана социалдык маселелер,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 7-августундагы №5 протоколдук чечими эске алынсын.

2. Кара-Күнгөй айылындагы Коргон-Шанек фельдшер-акушерлик пунктунун атын көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенген дарыгер маркум Ормонбеков Руслан атындагы фельдшердик акушердик пункту болуп өзгөртүлсүн.

3. Ормонбеков Руслан атындагы фельдшер- акушерлик пунктуна тиешелүү баардык документтерди даярдатуу,жазмаларды,белгилерди илдирүү Р.Ормонбековдун уул-кыздарынамилдеттендирилсин.

4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагын билим берүү,саламаттыкты сактоо, жаштар,спорт, маданий жана социалдык маселелер,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Жолдошовго тапшырылсын.

5.Бул токтом https://ketmen-dobo.kg/веб- сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

Төрайым

А.К. Жумалиева
