# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 024-жылдын 15-октябрындагы № 621 "Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 024-жылдын 15-октябрындагы № 621 "Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 621
- Кабыл алынган күнү: 15.10.2024
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230016022>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-33910/edition/18752/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230016022.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 024-жылдын 15-октябрындагы № 621 "Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (20.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230016022

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 15-октябры № 621

Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо системасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бир айлык мөөнөттө өзүнүн актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
