# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 618 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 618 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 618
- Кабыл алынган күнү: 14.10.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230016021>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-33908/edition/18750/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230016021.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 618 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (14.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230016021

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 14-октябры № 618

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Бажы жол-жоболорун башкаруу жана санариптештирүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу мөөнөттөрүн актуалдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) аталышында жана 1-пунктта "2022-2024-жылдарга" деген сөздөр "2022-2025-жылдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясында:

- аталышында "2022-2024-жылдарга" деген сөздөр "2022-2025-жылдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 1-главанын биринчи абзацында "2022-2024-жылдарга" деген сөздөр "2022-2025-жылдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 3-главанын 3.2-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Ушул Концепцияда коюлган максаттарга жетүү жана көрсөтүлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөндө саналган багыттар, ошондой эле 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары Иш-чаралар планы) каралган.";

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планында:

- аталышында "2022-2024-жылдарга" деген сөздөр "2022-2025-жылдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 1-пункттун 5-пунктчасында "2023-жылдын" деген сөздөр "2025-жылдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 3-пункттун 10-пунктчасында:

биринчи сапта "2023-жылдын" деген сөздөр "2024-жылдын" деген сөздөргө алмаштырылсын; экинчи сап төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "

Бажы органдарынын ресурстарын пландоо жана башкаруу үчүн БАМС "ERP systems" модулун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү:

Бюджеттин чегинде

Электрондук түрдө иш кагаздарын жүргүзүү камсыздалды

МБК

- э-"Кадрлар" модулу;

2025-жылдын 30-октябрына чейин

- "э-Документ" модулу

2025-жылдын 30-октябрына чейин

"; бешинчи сапта "2024-жылдын 1-декабрына" деген сөздөр "2025-жылдын 1-июлуна" деген сөздөргө алмаштырылсын; алтынчы сапта "2024-жылдын 1-декабрына" деген сөздөр "2025-жылдын 1-апрелине" деген сөздөргө алмаштырылсын; жетинчи сапта "2024-жылдын 1-июлуна" деген сөздөр "2025-жылдын 30-октябрына" деген сөздөргө алмаштырылсын; сегизинчи сапта "2024-жылдын 1-январына" деген сөздөр "2025-жылдын 1-декабрына" деген сөздөргө алмаштырылсын; онунчу сапта "2024-жылдын 31-декабрына" деген сөздөр "2025-жылдын 31-августуна" деген сөздөргө алмаштырылсын; он бешинчи сапта "2024-жылдын 31-декабрына" деген сөздөр "2025-жылдын 1-июлуна" деген сөздөргө алмаштырылсын; он алтынчы сапта "2024-жылдын 1-июнуна" деген сөздөр "2025-жылдын 31-августуна" деген сөздөргө алмаштырылсын; он жетинчи сапта "2025-жылдын 31-июнуна" деген сөздөр "2025-жылдын 31-декабрына" деген сөздөргө алмаштырылсын; он сегизинчи сапта "2024-жылдын" деген сөздөр "2025-жылдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 5-пункттун 13-пунктчасынын экинчи сабында "2024-жылдын" деген сөздөр "2025-жылдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 18-октябрындагы № 81 (3635) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
