Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202 „2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 14-октябры № 618
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Бажы жол-жоболорун башкаруу жана санариптештирүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу мөөнөттөрүн актуалдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышында жана 1-пунктта "2022-2024-жылдарга" деген сөздөр "2022-2025-жылдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясында:
- аталышында "2022-2024-жылдарга" деген сөздөр "2022-2025-жылдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-главанын биринчи абзацында "2022-2024-жылдарга" деген сөздөр "2022-2025-жылдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-главанын 3.2-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Концепцияда коюлган максаттарга жетүү жана көрсөтүлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөндө саналган багыттар, ошондой эле 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары Иш-чаралар планы) каралган.";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планында:
- аталышында "2022-2024-жылдарга" деген сөздөр "2022-2025-жылдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-пункттун 5-пунктчасында "2023-жылдын" деген сөздөр "2025-жылдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пункттун 10-пунктчасында:
биринчи сапта "2023-жылдын" деген сөздөр "2024-жылдын" деген сөздөргө алмаштырылсын; экинчи сап төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "
Бажы органдарынын ресурстарын пландоо жана башкаруу үчүн БАМС "ERP systems" модулун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү:
Бюджеттин чегинде
Электрондук түрдө иш кагаздарын жүргүзүү камсыздалды
МБК
- э-"Кадрлар" модулу;
2025-жылдын 30-октябрына чейин
- "э-Документ" модулу
2025-жылдын 30-октябрына чейин
"; бешинчи сапта "2024-жылдын 1-декабрына" деген сөздөр "2025-жылдын 1-июлуна" деген сөздөргө алмаштырылсын; алтынчы сапта "2024-жылдын 1-декабрына" деген сөздөр "2025-жылдын 1-апрелине" деген сөздөргө алмаштырылсын; жетинчи сапта "2024-жылдын 1-июлуна" деген сөздөр "2025-жылдын 30-октябрына" деген сөздөргө алмаштырылсын; сегизинчи сапта "2024-жылдын 1-январына" деген сөздөр "2025-жылдын 1-декабрына" деген сөздөргө алмаштырылсын; онунчу сапта "2024-жылдын 31-декабрына" деген сөздөр "2025-жылдын 31-августуна" деген сөздөргө алмаштырылсын; он бешинчи сапта "2024-жылдын 31-декабрына" деген сөздөр "2025-жылдын 1-июлуна" деген сөздөргө алмаштырылсын; он алтынчы сапта "2024-жылдын 1-июнуна" деген сөздөр "2025-жылдын 31-августуна" деген сөздөргө алмаштырылсын; он жетинчи сапта "2025-жылдын 31-июнуна" деген сөздөр "2025-жылдын 31-декабрына" деген сөздөргө алмаштырылсын; он сегизинчи сапта "2024-жылдын" деген сөздөр "2025-жылдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пункттун 13-пунктчасынын экинчи сабында "2024-жылдын" деген сөздөр "2025-жылдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 18-октябрындагы № 81 (3635) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 08.04.2022 · № 202
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122