# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 299 "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылууну өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 299 "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылууну өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 299
- Кабыл алынган күнү: 18.10.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230016015>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230016015/edition/18739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230016015.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 299 "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылууну өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы (12.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230016015

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2024-жылдын 18-октябры ПЖ № 299

Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылууну өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 12-октябры № 347 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Аскер кызматкерлеринин пенсиясынын өлчөмдөрүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19, 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:

1) пенсия алууга укуктуу жана аскердик кызматын улантып жаткан адамдарды кошпогондо, 2024-жылдын 1-октябрынан тартып аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылууну 10,8%га жогорулатсын;

2) республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду үчүн ушул Жарлыкты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө каражаттарды карасын;

3) ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн жана өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 12-октябры № 347 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 22-октябрындагы № 82 (3636) саны менен жарыяланды.

| Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
