Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саламаттык сактоо маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 27 августа 2026 года № 581 "О мерах по дополнительному стимулированию врачей, работающих в государственных организациях здравоохранения, а также организациях здравоохранения, являющихся клиническими базами государственных высших медицинских образовательных организаций, находящихся в отдаленных районах, малых городах и сельской местности Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-08-27.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-августундагы № 581 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 2-августу № 454
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саламаттык сактоо маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Республиканын алыскы райондорундагы саламаттык сактоо уюмдарына суроо-талапка ээ жаш адистерди тартуу жана бекитүү, ошондой эле алардын эмгегине дем берүү максатында, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 261 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүнүн белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттун он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын ординаторлоруна окуу мезгилине 1200 сом өлчөмүндө стипендия белгиленет, буга адистештирилген медициналык билим берүү программаларын өздөштүргөн ординаторлор, интерндер кирбейт. Клиникалык ординаторлорго жана интерн-врачтарга алыскы райондордогу, чакан шаарлардагы жана айыл жергесиндеги саламаттык сактоо уюмдарында жогорку окуу жайынан кийинки окуу мезгилине 20000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө стипендия белгиленет, ал андан ары жер-жерлерде иштөө үчүн саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен контракт боюнча төлөнөт;".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-августундагы № 570 "Кыргыз Республикасынын алыскы райондорунда, чакан шаарларында жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарында иштеген дарыгерлерге кошумча түрткү берүү чаралары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы, 1-пункттун экинчи, үчүнчү абзацтарындагы "дарыгерлерге" деген сөз "жаш дарыгерлерге" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жогорку медициналык билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн жана жаш дарыгерлерди мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында бекитүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:";
3) 3-пунктта:
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- 2024-жылдын 1-июлунан тартып республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги үчүн "Эмгек акы" жана "Социалдык фондго төгүмдөр" беренелери боюнча каралган ассигнованиелердин чектеринде Программа боюнча келишим түзгөн жана конкурстан өткөн дарыгер иштеген саламаттык сактоо уюмунун депозиттик эсебине Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөрдү эсепке алуу менен квартал сайын 66000 (алтымыш алты миң) сомдон которуп турсун;";
- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- дарыгердин депозитинин ар кварталдык суммасын негизги иш орду боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн үч тараптуу контракттын же келишимдин негизинде төлөсүн.";
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарында иштеген дарыгерлерге кошумча түрткү берүү программасында:
- аталышындагы жана 1, 10-пункттардагы "дарыгерлерге", "дарыгерлерди" деген сөздөр тиешелүү түрдө "жаш дарыгерлерге", "жаш дарыгерлерди" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-пункттун экинчи абзацындагы "45" деген цифралар "35" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 7-пункттун алтынчы абзацындагы "дипломдон кийинки" деген сөздөр "жогорку окуу жайынан кийинки" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-пункттун биринчи абзацындагы "38692 (отуз сегиз миң алты жүз токсон эки)" деген сөздөр "66000 (алтымыш алты миң)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарында иштеген дарыгерлерге кошумча түрткү берүү программасын аткаруу боюнча типтүү келишимде:
- аталышында "дарыгерлерге" деген сөз "жаш дарыгерлерге" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пункттун үчүнчү абзацындагы "38692 (отуз сегиз миң алты жүз токсон эки)" деген сөздөр "66000 (алтымыш алты миң)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.Жапаров |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 261 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине…Постановление · 27.06.2005 · № 261
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-августундагы № 581 "Кыргыз Республикасынын алыскы райондорунда, чакан шаарларында жана айыл жерлеринде жайгашкан…Постановление · 27.08.2026 · № 581
- Алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарында иштеген дарыгерлерге кошумча түрткү берүү ПРОГРАММАСЫ (Кыргыз Республикасынын…Программа · 16.08.2012 · № 570 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-августундагы № 570 "Кыргыз Республикасынын алыскы райондорунда, чакан шаарларында жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарында иштеген…Постановление · 16.08.2012 · № 570 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 261 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине…Постановление · 27.06.2005 · № 261
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-августундагы № 581 "Кыргыз Республикасынын алыскы райондорунда, чакан шаарларында жана айыл жерлеринде жайгашкан…Постановление · 27.08.2026 · № 581
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-августундагы № 570 "Кыргыз Республикасынын алыскы райондорунда, чакан шаарларында жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарында иштеген…Постановление · 16.08.2012 · № 570 · Күчүн жоготкон