# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябры № 563 "Товарларды өндүрүүчүлөрдүн, товарларды импорттоочулардын товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштетүүнүн нормативдерин аткаруу жөнүндө отчеттуулукту берүү тартибин бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябры № 563 "Товарларды өндүрүүчүлөрдүн, товарларды импорттоочулардын товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштетүүнүн нормативдерин аткаруу жөнүндө отчеттуулукту берүү тартибин бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 563
- Кабыл алынган күнү: 13.09.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230015824>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-33759/edition/18552/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230015824.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябры № 563 "Товарларды өндүрүүчүлөрдүн, товарларды импорттоочулардын товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштетүүнүн нормативдерин аткаруу жөнүндө отчеттуулукту берүү тартибин бекитүү тууралуу" токтому (13.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230015824

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 13-сентябры № 563

Товарларды өндүрүүчүлөрдүн, товарларды импорттоочулардын товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштетүүнүн нормативдерин аткаруу жөнүндө отчеттуулукту берүү тартибин бекитүү тууралуу

"Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 8, 13-бөлүктөрүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Товарларды өндүрүүчүлөрдүн, товарларды импорттоочулардын товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштетүүнүн нормативдерин аткаруу жөнүндө отчеттуулукту берүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
