# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-августунун № 477 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 190 "2021-2025-жылдарда Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-августунун № 477 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 190 "2021-2025-жылдарда Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 477
- Кабыл алынган күнү: 16.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230015767>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-33723/edition/18509/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230015767.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-августунун № 477 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 190 "2021-2025-жылдарда Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (16.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230015767

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 16-августу № 477

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 190 "2021-2025-жылдарда Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын фондулук рыногун өнүктүрүүнү жана аны санариптештирүү процессин тездетүү, жарандар жана ишкерлер үчүн финансылык инструменттерге жеткиликтүүлүктү жогорулатуу, экономикага инвестициялардын келиши үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 190 "2021-2025-жылдарда Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген 2021-2025-жылдарда Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун өнүктүрүү стратегиясынын IV бөлүмүндө:

- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасында:

7, 8-пункттарда "2024-жылдын 30-декабры" деген сөздөр "2025-жылдын 30-декабры" деген сөздөргө алмаштырылсын; 9-пунктта "2022-жылдын 30-декабры" деген сөздөр "2025-жылдын 30-декабры" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-пункт менен толукталсын:

"

12-1

Дилердик иш, инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу, баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү жана инвестициялык фонддордун иши менен алектенген баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн капиталдаштырууга карата талаптарды жогорулатуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-августундагы № 467 токтому менен бекитилген Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн нормативдик көрсөткүчтөрү жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү

2025-жылдын 30-декабры

Финансылык туруктуулуктун, финансылык уюмдардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн деңгээлинин өсүшү

КР ЭКМ караштуу Финкөзөмөл

".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары

А.Касымалиев
