# Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 06-августундагы № 30 "Социалдык суроолор боюнча бөлүмүнүн балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2024-жылдын III-кварталында аткарылган иштери тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 06-августундагы № 30 "Социалдык суроолор боюнча бөлүмүнүн балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2024-жылдын III-кварталында аткарылган иштери тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 30
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230015735>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-33690/edition/18472/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230015735.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 06-августундагы № 30 "Социалдык суроолор боюнча бөлүмүнүн балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2024-жылдын III-кварталында аткарылган иштери тууралуу" токтому (06.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230015735

---

НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2024-жылдын 06-августундагы № 30

Социалдык суроолор боюнча бөлүмүнүн балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2024-жылдын III-кварталында аткарылган иштери тууралуу Кыргыз Республикасынын Балдар Кодексинин 20-беренесинин негизинде Нарзан айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча бөлүмүнүн балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча аткарылган иштери тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап Нарзан айылдык кеңешинин сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Нарзан айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча бөлүмүнүн балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2024-жылдын III-кварталында аткарылган иштери тууралуу маалыматы эске алынсын.

2. Нарзан айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча бөлүмүнө:

-укук коргоо органдары, райондук билим берүү бөлүмү, социалдык өнүгүү башкармалыгы менен биргеликте укук бузууларды, суициддерди, балдарга карата үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар системалуу жүргүзүлсүн;

- Кыргыз Республикасынын "Балдар жөнүндө" кодексинин 20-беренесине ылайык балдардын укуктарын жана кызыкчылыгын камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө ар квартал сайын айылдык кеңешке маалымат берип турсун.

3. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн жөнөтсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.

Төраганын орун басары

А.Т.Урманбетов
