Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Чүй облусунун Москва районундагы Нарзан айыл аймагынын жер фондунун инвентаризациясынын материалдарын тактоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгын бекитүү жөнүндө» токтому
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2024-жылдын 06-августундагы № 28
Чүй облусунун Москва районундагы Нарзан айыл аймагынын жер фондунун инвентаризациясынын материалдарын тактоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Нарзан айыл аймагынын жер фондусунун республикалык жер кыртышынын филиалы тарабынан даярдалган инвентаризациялык материалдарын тактоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгын карап, «Кыргызгипрозем» жерге жайгаштыруу мамлекеттик ишканасынын Агрохимиялык станциясы, Нарзан айылдык кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Москва районунун Нарзан айыл аймагынын “Биринчи Май” жана “Беловодское” участкаларынын жер фондунун инвентаризациясын тактоо боюнча даярдалган материалдар каралып, бекитилсин.
2. Нарзан айыл аймагынын жер фондунун инвентаризациясын тактоо боюнча материалдар райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 2023-жылдын 20-июнундагы No161б буйругу менен түзүлгөн райондук комиссияга киргизүү жана бекитүү үчүн Москва районунун мамлекеттик администрациясына берилсин.
3. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн жөнөтсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.
Төраганын орун басары
А.Т.Урманбетов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 06-августундагы № 28 "Нарзан айыл аймагынын маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана пайдалануу боюнча…Постановление · 06.08.2024 · № 28
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон