# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлунун № 438 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлунун № 438 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 438
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230015676>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-33646/edition/18399/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230015676.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлунун № 438 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (31.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230015676

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 31-июлу № 438

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасынын уставында:

- 16-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:

"3) маалыматтык системаларды/программалык камсыздоо продуктуларын иштеп чыгууну, ишке киргизүүнү жана техникалык коштоону камсыз кылуу.";

- 17-пунктта:

4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4) мамлекеттик органдардын жана башка кызыкдар тараптардын маалыматтык системалары менен маалыматтык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;"; төмөнкүдөй мазмундагы 15-1 - 15-3-пунктчалар менен толукталсын: "15-1) маалыматтык системаларды/программалык камсыздоо продуктуларын иштеп чыгат жана ишке киргизет; 15-2) ишке киргизилген маалыматтык системаларды/программалык камсыздоо продуктуларын техникалык коштоону жана модернизациялоону жүзөгө ашырат; 15-3) окутуу жүргүзөт жана маалыматтык системаларды пайдалануучуларга аларды эксплуатациялоодо колдоо көрсөтөт.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
