# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 548-т (Суусамыр өрөөнүндө жайыттарда пилоттук режимде механикалык ыкма менен алтыгана (карагана) бадалы менен күрөшүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 548-т (Суусамыр өрөөнүндө жайыттарда пилоттук режимде механикалык ыкма менен алтыгана (карагана) бадалы менен күрөшүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 548-р
- Кабыл алынган күнү: 13.09.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230015643>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19334/edition/18358/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230015643.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 548-т (Суусамыр өрөөнүндө жайыттарда пилоттук режимде механикалык ыкма менен алтыгана (карагана) бадалы менен күрөшүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү тууралуу) тескемеси (13.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230015643

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 13-сентябры № 548-т Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 22-июлундагы № 202 "Кыргыз Республикасынын агроөнөржай комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын 1-пунктунун 1-пунктчасынын бешинчи абзацын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институту менен биргеликте Суусамыр өрөөнүндө жайыттарда пилоттук режимде механикалык ыкма менен алтыгана (карагана) бадалы менен күрөшүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү сунушталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы Суусамыр өрөөнүндө жайыттарда пилоттук режимде механикалык ыкма менен алтыгана (карагана) бадалы менен күрөшүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн тиешелүү корутундуларды берсин.

3. Ушул тескемеден келип чыгуучу иш-чараларды ишке ашыруу ишке тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тиешелүү жылга каралган каражаттарынын алкагында жүзөгө ашырылсын.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
