Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Суусамыр өрөөнүндө жайыттарда пилоттук режимде механикалык ыкма менен алтыгана (карагана) бадалы менен күрөшүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 13-сентябры № 548-т Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 22-июлундагы № 202 "Кыргыз Республикасынын агроөнөржай комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын 1-пунктунун 1-пунктчасынын бешинчи абзацын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институту менен биргеликте Суусамыр өрөөнүндө жайыттарда пилоттук режимде механикалык ыкма менен алтыгана (карагана) бадалы менен күрөшүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү сунушталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы Суусамыр өрөөнүндө жайыттарда пилоттук режимде механикалык ыкма менен алтыгана (карагана) бадалы менен күрөшүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн тиешелүү корутундуларды берсин.
3. Ушул тескемеден келип чыгуучу иш-чараларды ишке ашыруу ишке тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тиешелүү жылга каралган каражаттарынын алкагында жүзөгө ашырылсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Президентинин 2024-жылдын 22-июлу ПЖ № 202 "Кыргыз Республикасынын агроөнөржай комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 22.07.2024 · № 202