# Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы алуу жана пайдалануу ТАРТИБИ

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы алуу жана пайдалануу ТАРТИБИ
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 354
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230015624>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-33606/edition/18331/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230015624.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы алуу жана пайдалануу ТАРТИБИ (04.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230015624

---

2-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 354 токтомуна)

Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы алуу жана пайдалануу ТАРТИБИ

## 1-глава. Жалпы жоболор

1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин (токойлордон тышкары) пайдалангандыгы үчүн акы алуу жана пайдалануу маселелерин жөнгө салат жана Кыргыз Республикасында өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууну жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактарга жайылтылат.

2. Кыргыз Республикасында (токойлордон тышкары) өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы алуу айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.

## 2-глава. Кыргыз Республикасында өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы алуу тартиби

3. Кыргыз Республикасында өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу үчүн акы табигый өсүмдүк ресурстарын пайдалануучулар болуп саналган юридикалык жана жеке жактардан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен төлөм ставкалары боюнча алынат.

Кыргыз Республикасында (токойлордон тышкары) өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектисинин белгилүү көлөмүнө/санына жана түрүнө/түрчөсүнө ылайык жаратылыш чөйрөсүнөн өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин алууну ишке ашырууга документтерди тариздегенге чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан алынат.

4. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн белгиленген акыны алуу үчүн негиз болуп ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте берилген уруксаттар, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин иш жүзүндө пайдалангандыгы жөнүндө маалыматтар саналат.

5. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-статьясынын "а", "б", "г", "е" пункттарында көрсөтүлгөн пайдалануунун түрлөрү боюнча алынбайт.

6. Кыргыз Республикасында өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы кайтарылбайт.

## 3-глава. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акыны пайдалануу тартиби

7. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануудан алынган каражаттар жапайы өсүмдүктөрдү, алар түзгөн табигый өсүмдүктөр түркүмдөрүн жана алардын өсүү чөйрөсүн коргоого, сактоого жана калыбына келтирүүгө, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн мамлекеттик кадастрын жана мониторингин жүргүзүүгө, ошондой эле корук ишине жумшалат.

8. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акынын суммасы төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

- 30 пайызы - өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин жыйноо (даярдоо) жүргүзүлгөн аймактардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджеттерине же мамлекеттик токой фондунун аймактык башкаруу органдарынын атайын эсебине багытталат;

- 70 пайызы - жаратылышты коргоо иш-чараларын жүзөгө ашыруу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында калат, алардын ичинен милдеттүү тартипте:

- 30 пайызы - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий мекемелерине өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттеринин запастарына мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого багытталат;

- 40 пайызы - мыйзамда белгиленген тартипте жаратылышты коргоо иш-чараларын жүзөгө ашыруу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында калат.

9. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебинде топтолгон Кыргыз Республикасында өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн суммаларды бөлүштүрүү боюнча бардык жол-жоболор өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу жөнүндө белгиленген отчеттор берилгенден кийин жүзөгө ашырылат.
