# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 4-октябрындагы ПЖ № 284 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 4-октябрындагы ПЖ № 284 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 284
- Кабыл алынган күнү: 04.10.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230015620>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10720/edition/18337/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230015620.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 4-октябрындагы ПЖ № 284 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (04.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230015620

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2024-жылдын 4-октябры ПЖ № 284

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу

"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:

- II бөлүмдүн 4-главасынын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты (өзгөчө тартипте дайындалуучу кызмат орундары)

Категориялар

Жогорку Кеңештин Аппараты

Жогорку кызмат орду

Ж-Б

Жогорку Кеңештин Төрагасынын басма сөз-катчысы

Башкы кызмат орду

Б-А

Фракциянын (депутаттык топтун) катчылыгынын башчысы Фракциянын (депутаттык топтун) катчылыгынын эксперти Фракциянын (депутаттык топтун) катчылыгынын улук консультанты

Б-Б

Фракциянын (депутаттык топтун) катчылыгынын консультанты Башкы адис

Улук кызмат орду

У-А

Жогорку Кеңештин Төрагасынын спичрайтери

".

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 8-октябрындагы № 78 (3632) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
