# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 1-октябры № 154 "2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 1-октябры № 154 "2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 01.10.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230015596>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-33593/edition/18307/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230015596.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 1-октябры № 154 "2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө" токтому (01.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230015596

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

2024-жылдын 1-октябры № 154

2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 31-беренесинин, "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Ош шарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө", Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ № 256 Жарлыгына ылайык, шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү боюнча Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Каракол жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери аркылуу берилген сунуштарынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 26-сентябрындагы № 149 "2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталган токтомдун тиркемесинде Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин мандаттын саны 31ден 41ге өзгөрүлсүн.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Н.Шайлдабекова
