# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августунун № 484 "Стратегиялык башкаруу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августунун № 484 "Стратегиялык башкаруу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 484
- Кабыл алынган күнү: 22.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230015536>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-33556/edition/18252/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230015536.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августунун № 484 "Стратегиялык башкаруу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому (22.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230015536

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 22-августу № 484

Стратегиялык башкаруу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө

Өлкөнү өнүктүрүүнү стратегиялык башкаруу жана пландоо процессин тартипке келтирүү, мамлекеттик стратегиялык документтерди кабыл алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-октябрындагы № 349 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик стратегиялык башкаруу тартиби жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик стратегиялык башкаруу тартибинин 13, 41, 49-пункттарына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Мамлекеттик стратегиялык документтерди инвентаризациялоо тартиби 1-тиркемеге ылайык;

2) Мамлекеттик стратегиялык документтерди түзүү боюнча стандарт 2-тиркемеге ылайык;

3) Мамлекеттик стратегиялык документтердин отчеттуулук стандарты 3-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик стратегиялык документтерге инвентаризация жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
