# Аламүдүн айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 125-28 "Көчөнүн аталышын өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Аламүдүн айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 125-28 "Көчөнүн аталышын өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 125-28
- Кабыл алынган күнү: 14.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230015503>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-33524/edition/18208/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230015503.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аламүдүн айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 125-28 "Көчөнүн аталышын өзгөртүү жөнүндө" токтому (14.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230015503

---

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2022-жылдын 14-декабры № 125-28

Көчөнүн аталышын өзгөртүү жөнүндө

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобонун 2-главасынын 8-беренесине, Аламүдүн айылдык кеңешинин 2021-жылдын 18-августундагы № 17-28 токтому менен бекитилген “Аламүдүн айыл аймагынын калктуу пунттарынын көчөлөрүн жана башка курамдык бөлүктөрүн атоо, аталышын өзгөртүү тартиби жөнүндө жобосуна ылайык, Аламүдүн айылынын тургундарынын Аламүдүн айылы Набережная көчөсү боюнча жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн (№1, №2, №3, №4, №5) дарегин Асан Жээнбаев атындагы көчөгө аталышын өзгөртүү жөнүндө маселесин карап чыгып жана талкуулап, Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. 2023-жылдын 1-январынан тартып Аламүдүн айылы Набережная көчөсү боюнча жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн (№1, №2, №3, №4, №5) дарегин Асан Жээнбаев атындагы көчөгө аталышын өзгөртүү жөнүндөгү тургундардын кайрылуусу жактырылсын.

2. Көчөнүн аталышын өзгөртүүгө байланыштуу каржылоо иштери Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен сметага ылайык жүргүзүлсүн.

3. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.

Төрага

А.П. Филимоненко
