# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августунун № 526 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин, ошондой эле Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 18-тиркемесинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августунун № 526 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин, ошондой эле Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 18-тиркемесинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 526
- Кабыл алынган күнү: 27.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230015498>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-33520/edition/18202/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230015498.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августунун № 526 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин, ошондой эле Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 18-тиркемесинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (27.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230015498

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 27-августу № 526

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин, ошондой эле Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 18-тиркемесинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 304-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин, ошондой эле Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 18-тиркемесинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 21-пунктча менен толукталсын:

"21) Жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү эл аралык ташууну ырастоочу документтердин тизмеги 21-тиркемеге ылайык.";

2) бул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 21-тиркеме менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров

Тиркеме

"21-тиркеме

Жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү эл аралык ташууну ырастоочу документтердин ТИЗМЕГИ

Жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү эл аралык ташууну ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:

1) эсеп-фактура (инвойс) - салык мыйзамдарына ылайык товарды экспорттоону жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү тарабынан таризделүүчү электрондук документ же кагаз жүзүндөгү документ түрүндөгү салык документи;

2) товар-транспорттук коштомо кагазы (ТКК) - CMR эл аралык автомобилдик коштомо кагазынын ордуна КМШ өлкөлөрүнүн чегинде товарларды өткөрүүдө пайдаланылуучу документ;

3) CMR эл аралык автомобилдик коштомо кагазы - жүктү автомобиль транспорту менен жеткирүүдө Жүктөрдү эл аралык жолдордо ташуу келишими жөнүндө конвенциянын (ЖЭЖТК) талаптарына ылайык таризделген документ.".
