# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 485 "Ойлоп табууга патент алуу үчүн өтүнмө түзүү, берүү жана кароо эрежелерин, Өнөр жай үлгүсүнө патент алуу үчүн өтүнмө түзүү, берүү жана кароо эрежелерин, Пайдалуу моделге патент алуу үчүн өтүнмө түзүү, берүү жана кароо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 485 "Ойлоп табууга патент алуу үчүн өтүнмө түзүү, берүү жана кароо эрежелерин, Өнөр жай үлгүсүнө патент алуу үчүн өтүнмө түзүү, берүү жана кароо эрежелерин, Пайдалуу моделге патент алуу үчүн өтүнмө түзүү, берүү жана кароо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 485
- Кабыл алынган күнү: 22.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230015497>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-33522/edition/18205/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230015497.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 485 "Ойлоп табууга патент алуу үчүн өтүнмө түзүү, берүү жана кароо эрежелерин, Өнөр жай үлгүсүнө патент алуу үчүн өтүнмө түзүү, берүү жана кароо эрежелерин, Пайдалуу моделге патент алуу үчүн өтүнмө түзүү, берүү жана кароо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому (22.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230015497

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 22-августу № 485 Ойлоп табууга патент алуу үчүн өтүнмө түзүү, берүү жана кароо эрежелерин, Өнөр жай үлгүсүнө патент алуу үчүн өтүнмө түзүү, берүү жана кароо эрежелерин, Пайдалуу моделге патент алуу үчүн өтүнмө түзүү, берүү жана кароо эрежелерин бекитүү жөнүндө "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Ойлоп табууга патент алуу үчүн өтүнмө түзүү, берүү жана кароо эрежелери 1-тиркемеге ылайык;

2) Өнөр жай үлгүсүнө патент алуу үчүн өтүнмө түзүү, берүү жана кароо эрежелери 2-тиркемеге ылайык;

3) Пайдалуу моделге патент алуу үчүн өтүнмө түзүү, берүү жана кароо эрежелери 3-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы № 685 "Ойлоп табууга патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун тартибин, Өнөр жайлык үлгүгө патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин, Пайдалуу моделге патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин, Товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоого арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-апрелиндеги № 163 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн интеллектуалдык менчик жаатындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 6-пункту.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
