Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Пригорол айылдык кеңешинин “Муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу жана алып коюу боюнча” токтому
ПРИГОРОД АЙЫЛ КЕҢЕШИ ТОКТОМ Пригородный айылдык кенешинин 28 чакырылышынын 30-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 26-январындагы № 94
“Муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу жана алып коюу боюнча” Пригород айыл өкмөтүнүн жер адиси Шерипаева К. афган согушунун ардагерлери жашап жаткан муниципалдык менчикте турган 16 квартираны менчиктештирүү жолу менен өткөзүп берүү боюнча маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын мыйзамы 2023-жылдын 12-октябрында № 187 ылайык “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 11-беренесинин 2-бөлүгүндө “Муниципалдык менчикти мамлекеттик менчикке акысыз ажыратпаган учурларды кошпогондо, муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечиминин негизинде жүргүзүлөт. Муниципалдык менчикте турган мүлктү ажыратуунун тартиби жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленет”, Пригород айыл кеңеши акыркы эки чакырымдын талкууларынан кийинин
ТОКТОМ кылат:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамы 2023-жылдын 12-октябрында № 187 11-беренесине ылайык Суворова, 1 көчөсүндө жайгашкан эки кабаттуу квартиралар менчиктештирип берүү жолу менен ажыратылышына макулдук берилсин.
2. Пригород айыл өкмөтү Шеримбеков Б.К. Суворова,1 көчөсүндө жайгашкан эки кабаттуу үйдүн 16 квартираны афган согушунун ардагерлерине мыйзамдаштыруу иш-кагаздары даярдалсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Пригород айыл өкмөтүнүн башчысы Шеримбеков Б.К. жүктөлсүн.
Пригород айыл кеңешинин төрагасы
Т.Омурзаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 12.10.2023 · № 187