# Аламүдүн айылдык кеңешинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 107-28 “Куликовский” кондитердик үйү” ЖЧКсынын кайрылуусу боюнча" токтому

- Толук аталышы: Аламүдүн айылдык кеңешинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 107-28 “Куликовский” кондитердик үйү” ЖЧКсынын кайрылуусу боюнча" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 107-28
- Кабыл алынган күнү: 23.09.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.09.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230015429>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-33471/edition/18138/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230015429.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.09.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аламүдүн айылдык кеңешинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 107-28 “Куликовский” кондитердик үйү” ЖЧКсынын кайрылуусу боюнча" токтому (23.09.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230015429

---

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2022-жылдын 23-сентябры № 107-28

“Куликовский” кондитердик үйү” ЖЧКсынын кайрылуусу боюнча

“Куликовский” КҮ ЖЧКсынын башкы директору Д.В.Гайворонскийдин канализациялык тармакты пайдалануу үчүн тарифти төмөндөтүүнү карап чыгуу жөнүндө кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 37-беренелерине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. “Куликовский” КҮ ЖЧКсына канализациялык тармакты пайдалануу үчүн суу өлчөгүчкө ылайык 1 м куб – 30 сомдон төлөм жактырылсын.

2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.

Төрага

А.П. Филимоненко
