Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 „Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо маселелери жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 8 августа 2025 года № 482 «Об утверждении Положения о порядке идентификации мобильных устройств»» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-08-08.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8 августундагы № 482 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-октябры № 615
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 "Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 "Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо тартибинде:
- 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. Мамлекеттик корголууга тийиш болгон адамдардын коопсуздугун, өлкөдө коргоо жөндөмдүүлүгүн, коопсуздукту камсыздоо жана ички тартипти колдоо жана өзгөчө кырдаалдар учурунда муктаждыктарды камсыздоо, ошондой эле эл аралык иш-чараларды өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген мобилдик түзүлүштөрдүн IMEI-коддорун каттоо ыйгарым укуктуу органдардын тиешелүү кайрылууларына ылайык өзүнчө тартипте жүргүзүлөт.";
- 12-пункттун үчүнчү абзацында "бажы декларациясын берүүнүн алдында" деген сөздөр "товарлар чыгарылгандан кийин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 13-пунктта "Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө" деген сөздөр алып салынсын;
- 16-пунктта:
жетинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын; сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келинген түзүлүштөргө бажы декларациясынын же товарларды ташып келүү жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан ташып келинген түзүлүштөр үчүн кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын жоктугу.";
- 17-2-пунктта "мамлекеттин кирешесине конфискациялоого жатат" деген сөздөр "ИМТда катталбайт" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 18-пунктта:
алтынчы-сегизинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: "- бажы декларациясынын болушу;
- товарларды ташып келүү жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан ташып келинген түзүлүштөр үчүн кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыз.";
- 20-пункттун биринчи-үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 22-1-пунктта "Салык жана бажы органдары" деген сөздөр "Салык органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 31-пункт "MSISDN" деген аббревиатурадан кийин ", жайгашкан жери" деген сөздөр менен толукталсын;
- 32-пункттун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү…Порядок · 31.05.2022 · № 287
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-августундагы № 482 «Мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоо тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтомуПостановление · 08.08.2025 · № 482
- Министрлер Кабинетинин №482 токтомуПостановление · № 482
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-августундагы № 482 «Мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоо тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтомуПостановление · 08.08.2025 · № 482
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 "Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш…Постановление · 31.05.2022 · № 287 · Күчүн жоготкон