# Аламүдүн айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-сентябрындагы № 105-28 "Аламүдүн айыл аймагында жергиликтүү Курултайды уюштуруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Аламүдүн айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-сентябрындагы № 105-28 "Аламүдүн айыл аймагында жергиликтүү Курултайды уюштуруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 105-28
- Кабыл алынган күнү: 14.09.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.09.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230015418>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-33465/edition/18131/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230015418.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.09.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аламүдүн айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-сентябрындагы № 105-28 "Аламүдүн айыл аймагында жергиликтүү Курултайды уюштуруу жөнүндө" токтому (14.09.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230015418

---

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2022-жылдын 14-сентябры № 105-28

Аламүдүн айыл аймагында жергиликтүү Курултайды уюштуруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгын аткаруу үчүн, Аламүдүн айыл аймагыныны жергиликтүү коомдоштугунун Курултайын даярдоо жана өткөрүү максатында Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Элдик Курултайга делегаттарды көрсөтүү үчүн Аламүдүн айыл аймагыныны жергиликтүү коомдоштугунун Курултайын өткөрүү 2022-жылдын 5-ноябрына (ишемби) саат 10-00гө дайындалсын.

2. Курултайга 100 делегат санында өкүлчүлүктүн ченеми белгиленсин.

3. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштугунун Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча курамы 9 адамдан турган Комиссия 1-тиркемеге ылайык түзүлсүн.

4. Курултайга делегаттарды көрсөтүү үчүн Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштугунун мүчөлөрүнүн жыйындарынын жана чогулуштарынын графиги 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

5. Жергиликтүү коомдоштуктардан делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштар график боюнча 15-октябрдан 24-октябрга чейин өткөрүлүүсү жана өкүлчүлүктүн ченемдери калктын саны боюнча бөлүнөөрү белгиленсин.

6. Аламүдүн айыл өкмөтү Курултайды уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан уюштуруу жана каржы маселелерин чечсин.

2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.

Төрага

А.П. Филимоненко

№ 1 тиркеме

Аламүдүн айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-сентябрындагы № 105-28 токтому менен бекитилген

Аламүдүн айыл аймагында Курултайды уюштуруу жана өткөрүү комиссиясынын курамы

№№

Аты-жөнү

Кызмат орду

1

Филимоненко Алексей Петрович

Төрага

2

Шаршенова Чолпон Тыналиевна

Айылдык кеңештин катчысы

3

Джумалиева Юрсина Темировна

Айыл өкмөтүнүн катчысы

4

Алымбаева Чолпон Джумашевна

Айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери

3

Канаатова Кульмира Асанбековна

Комиссиянын мүчөсү

4

Бубнова Наталья Алексеевна

Комиссиянын мүчөсү

5

Сатувалдиева Ширин Джумабаевна

Комиссиянын мүчөсү

6

Абдылдаев Курманбек Аскарович

Комиссиянын мүчөсү

7

Карабашева Суура Джумановна

Комиссиянын мүчөсү

Аламүдүн айылдык кеңешинин катчысы:

Шаршенова Ч.Т.

№ 2 тиркеме

Аламүдүн айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-сентябрындагы № 105-28 токтому менен бекитилген

Курултайга делегаттарды көрсөтүү үчүн Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштугунун мүчөлөрүнүн жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүү

Г Р А Ф И Г И

№№

Өткөрүү жайы

Өткөрүү убактысы

Калктын саны

Делегаттардын саны

Жооптуулар

күнү

Убактысы

1

“Жомок” б/б

15.10.2022

11-00

2398

23

Абдылдаев И.Б. Губин А.Д. Канаатова К.А. Скрипникова Е.М. Филимоненко А.П. Шуревич Л.И.

2

№ 1 АЖОББМ

15.10.2022

11-00

2452

24

Бубнова Н.А. Джумалиев А.О. Жээнбаев М.А. Кожобеков К.М. Нищук Г.П. Орунтаева Т.К. Шмидт Н.А.

3

“Тумар” б/б

16.10.2022

11-00

2463

24

Асыкбеков А.Э. Ашиев Н.Т. Исагалиев М.С. Савицкий А.В. Сатувалдиева Ш.Дж. Носкова Л.Е.

4

“ОРМЗ” клубу

18.10.2022

11-00

1148

15

Абдылдаев К.А. Алиев Х.К. Баккожоев А.К. Карабашева С.Дж. Сопиев А.У. Садыкова А.Н. Томпошев Б.Т.

5

Садовое айылынын клубу

19.10.2022

11-00

1042

14

Баары:

9503

100

Аламүдүн айылдык кеңешинин катчысы:

Шаршенова Ч.Т.
