Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында насаатчылык жөнүндө Типтүү Жобо (КР Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы № 637 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында насаатчылык жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында насаатчылык жөнүндө типтүү жобо (мындан ары - Жобо) насаатчылыктын максаттарын, милдеттерин жана жүзөгө ашыруунун тартибин аныктайт.
2. Насаатчылык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын (мындан ары - кызматчылар) кесиптик калыптанышын, өнүгүшүн жана кызматтык милдеттерин өз алдынча жана кесиптик аткарууга адаптацияланышын камсыз кылуу боюнча башкаруучулук жана кадрдык технологияны билдирет.
3. Мамлекеттик органдарда насаатчылык мамлекеттик органдын жетекчисинин, аппараттын жетекчисинин жана/же жетекчинин кадр иштери боюнча орун басарынын, түзүмдүк бөлүмдүн тиешелүү жетекчисинин демилгеси боюнча белгиленет.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында насаатчылык башчынын, аппараттын жетекчисинин/жооптуу катчынын жана/же жетекчинин кадр маселелери боюнча орун басарынын, түзүмдүк бөлүмдүн тиешелүү жетекчисинин демилгеси боюнча белгиленет.
5. Насаатчылык Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык К-А, К-Б категорияларынын административдик кызмат орундарынын кенже топторуна биринчи жолу киргендерге, анын ичинде кызмат орунда, же болбосо кызматтык милдеттерин өзгөртүү менен мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат ордуна тете кызмат орунда жогорулатуу тартибинде, ошондой эле жок кызматкерди убактылуу алмаштырган адамдарга карата белгиленет.
6. Мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызматта, эреже катары, беш жылдан кем эмес стажы, ээлеген кызмат ордунда үч жылдан кем эмес кесиптик кызматтык тажрыйбасы, кызматтык ишинин жогорку натыйжалары бар, органда кадыр-баркка ээ болгон жана тартиптик жазасы жок кесипкөй компетенттүү кызматчылар насаатчы катары тартылат.
7. Насаатчылыктын максаттары болуп насаатчылык жүзөгө ашырылып жаткан кызматчыны кызматтык милдеттерин өз алдынча аткарууга даярдоо, анын ээлеген кызмат ордуна адаптация мезгилин минималдаштыруу, анын кесиптик калыптанышына, кесиптик билимдерге жана кызматтык милдеттерин аткаруу көндүмдөрүнө ээ болушуна жардам берүү саналат.
8. Насаатчылыктын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) насаатчылык жүзөгө ашырылып жаткан кызматчыга кызматтык ишти жүзөгө ашыруунун шарттарына кесиптик жана кызматтык адаптацияланышына, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууда пайда болгон кесиптик кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам көрсөтүү;
2) насаатчылык жүзөгө ашырылып жаткан кызматчынын кызматтык нускамаларга ылайык ага жүктөлгөн функциялык милдеттерди өз алдынча, сапаттуу жана жоопкерчилик менен аткаруу жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү;
3) насаатчылык жүзөгө ашырылып жаткан кызматчыны кызматтык өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу формаларына жана методдоруна окутуу, өзүнүн кесиптик деңгээлин өз алдынча жогорулатуу жөндөмүн өнүктүрүү;
4) насаатчылык жүзөгө ашырылып жаткан кызматчыда жогорку кесиптик жана моралдык, этикалык сапаттарды, жоопкерчиликти, тартипти, ак ниеттүүлүктү, кызматтык милдетин аткарууга карата аң-сезимдүү жана чыгармачыл мамилени калыптандыруу;
5) кызматтык милдеттерин аткаруунун, ошондой эле насаатчылык программасында каралган иш-чараларды жүзөгө ашыруунун натыйжаларына жараша насаатчылык жүзөгө ашырылып жаткан кызматчынын кесиптик деңгээлин жана кызматтык потенциалын баалоо;
6) коррупциялык жана башка укук бузууларга жол бербөөнү калыптандыруу.
2-глава. Насаатчылыкты уюштуруу
9. Насаатчылыкты белгилөө, насаатчыны аныктоо, насаатчылыктын узактыгы аппарат жетекчисинин/жооптуу катчынын жана/же жетекчинин кадр маселелери боюнча орун басарынын, тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин өтүнүчү боюнча мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин буйругу менен кызматчы дайындалган күндөн тартып жети жумуш күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт.
10. Насаатчылыкты жүзөгө ашыруунун мөөнөтү насаатчылык жүзөгө ашырылып жаткан кызматчынын кесиптик жана кызматтык даярдыгынын даражасына жараша үч айдан алты айга чейинки узактыкта белгиленет. Насаатчылыкты жүзөгө ашыруу мөөнөтүнө убактылуу эмгекке жарамсыздык мезгили жана насаатчылык жүзөгө ашырылып жаткан насаатчы же кызматчы өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарбаган башка мезгилдер кирбейт.
11. Насаатчылыкты жүзөгө ашыруу мөөнөтү аяктагандан кийин насаатчылык жүзөгө ашырылган кызматчы үч жумуш күндүн ичинде насаатчыга отчет берет.
12. Насаатчылык жүзөгө ашырылып жаткан кызматчы зарыл болгон кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү тез жана натыйжалуу өздөштүргөн учурда тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин жана насаатчынын өтүнүчү боюнча насаатчылык мөөнөтүнөн мурда аякташы мүмкүн.
13. Насаатчы бир учурда экиден көп эмес кызматкерге насаатчылыкты жүзөгө ашыра алат.
14. Насаатчыны дайындоо насаатчы дайындаган адамдын милдеттүү жазуу жүзүндөгү макулдугу менен ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырылат.
15. Насаатчыны алмаштыруу төмөнкү учурларда тиешелүү буйрук/тескеме чыгаруу жолу менен жүзөгө ашырылат:
1) насаатчыны же насаатчылык жүзөгө ашырылып жаткан насаатчыны ээлеген кызмат ордунан бошотуу;
2) насаатчы өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаса;
3) башка негиздер боюнча, насаатчылык жүзөгө ашырылып жаткан кызматчынын кесиптик калыптануу процессин жүзөгө ашырууга тоскоол болгон жагдайлар болгондо (насаатчынын узак иш сапары, насаатчынын убактылуу эмгекке жарамсыздыгынын узак мезгили, насаатчыны тартиптик жоопкерчиликке тартуу, аттестациянын/жылдык баалоонун натыйжалары менен ырасталган насаатчынын жетишсиз квалификациясы ж.б.);
4) насаатчылык жүзөгө ашырылып жаткан кызматчынын жетекчиге насаатчыны алмаштыруу өтүнүчү менен кайрылуусу.
16. Насаатчылыкты уюштуруучулук, документтик жана методикалык жактан камсыз кылууну персоналды башкаруу кызматы/кадрдык иштерди жүргүзүү жүктөлгөн кызматчы ишке ашырат.
3-глава. Насаатчылыкка жетекчилик
17. Насаатчылыкты уюштурууга жетекчиликти жана жалпы контролду, насаатчылардын ишин координациялоону персоналды башкаруу кызматынын жетекчиси, жетекчинин кадр иштери боюнча орун басары, аппараттын жетекчиси/жооптуу катчы жүзөгө ашырат. Насаатчылык жүзөгө ашырылып жаткан түзүмдүк бөлүмдө түздөн-түз насаатчылыкты уюштурууну контролдоо ушул түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат.
18. Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси:
1) насаатчынын кесиптик даярдыгынын деңгээлине, ошондой эле ал аткарган кызматтык милдеттердин көлөмүнө жараша насаатчы бир эле учурда насаатчылыкты жүзөгө ашырган адамдардын санын аныктайт;
2) мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине, жетекчинин кадр маселелери боюнча орун басарына, аппараттын жетекчисиие/жооптуу катчыга насаатчынын талапкерлиги, насаатчылыктын узактыгы жөнүндө өтүнүч берүүгө;
3) насаатчынын жана насаатчылык жүзөгө ашырылып жаткан кызматчынын ишин контролдойт, насаатчылыкты жүзөгө ашыруу процессине зарыл болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет;
4) насаатчы менен насаатчылык жүзөгө ашырылып жаткан кызматчынын өз ара натыйжалуу аракеттенүүсү үчүн зарыл болгон шарттарды түзөт.
4-глава. Насаатчынын укуктары жана милдеттери
19. Насаатчы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) насаатчылык жүзөгө ашырылып жаткан кызматчыны кызматтык милдеттерин өз алдынча, кесиптик аткарууга өз убагында жана натыйжалуу даярдоону камсыз кылууга;
2) насаатчылык жүзөгө ашырылып жаткан кызматчынын ишине контролду көбүнчө милдеттерди, тапшырмаларды аткаруусун, ал даярдаган кызматтык документтердин сапатын жеке текшерүү формасында жүзөгө ашырууга.
20. Насаатчы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) насаатчылык жүзөгө ашырылып жаткан кызматчынын кызматтык ишине байланыштуу маселелерди талкуулоого катышууга;
2) насаатчылык жүзөгө ашырылып жаткан кызматчынын органдын кызматтык тартибин, ошондой эле Этика кодексин сактоосун контролдоону жүзөгө ашырууга.
5-глава. Насаатчылык жүзөгө ашырылып жаткан кызматчынын укуктары жана милдеттери
21. Насаатчылык жүзөгө ашырылып жаткан кызматчы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) насаатчынын кызматтык милдеттерин аткаруу тартибин үйрөнүү менен байланышкан көрсөтмөлөрдү жана сунуштамаларды аткарууга, коюлган милдеттерди практикалык чечүүнү андан үйрөнүүгө;
2) кызматтык милдеттерди жана тапшырмаларды сапаттуу аткаруунун кесиптик көндүмдөрүн, практикалык ыкмаларын жана ыкмаларын өркүндөтүүгө;
3) насаатчы менен биргеликте кетирилген каталарды (эгерде бар болсо) табууга жана жоюуга;
4) айрым кызматтык милдеттерди аткарууга байланыштуу пайда болгон кыйынчылыктар жөнүндө насаатчыга билдирүүгө;
5) кесиптик кызматтык иште тартипти, уюшкандыкты жана ишкердик маданиятты көрсөтүүгө;
6) Этика кодексин сактоого.
22. Насаатчылык жүзөгө ашырылып жаткан кызматчы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) органдагы жана түзүмдүк бөлүмдөгү кызматтык, ченемдик, окуу-методикалык документтерди пайдаланууга;
2) кызматтык ишке байланыштуу маселелер боюнча кеңеш, жардам алуу үчүн насаатчыга жеке кайрылууга;
3) насаатчы менен жеке байланыш түзүү мүмкүн болбогондо түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисине насаатчыны алмаштыруу жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга.
6-глава. Насаатчылыкты аяктоо, насаатчыны мотивациялоо
23. Насаатчылыктын мөөнөтү аяктагандан кийин кызматчы жыйынтыктоочу отчетту даярдайт жана баа берүү үчүн түздөн-түз насаатчыга берет, андан кийин отчет түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисине таанышуу үчүн берилет.
24. Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси отчет менен таанышкандан кийин ал персоналды башкаруу кызматына сактоо үчүн берилет. Насаатчылык жүзөгө ашырылып жаткан кызматчылардын отчеттору персоналды башкаруу кызматында эки жылдын ичинде сакталат.
25. Насаатчынын натыйжалуу ишинин натыйжасы болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) түздөн-түз насаатчылык аяктагандан кийин:
- кызматтык милдеттерин аткарууну регламенттеген ченемдик укуктук актылардын жоболорун практикалык иште насаатчылык жүзөгө ашырылган кызматчы тарабынан өздөштүрүү жана сабаттуу пайдалануу, алган теориялык билимин кызматтык иште колдоно билүү;
- насаатчылык жүзөгө ашырылган кызматчынын кесиптик кызматтык ишке жана кесиптик өнүгүүгө оң мотивациясы, кызматтык иште өз алдынчалуулугу жана демилгелүүлүгү;
- насаатчылык жүзөгө ашырылган кызматчынын өз алдынча, белгиленген компетенциянын чегинде кызматтык милдеттерин аткарууга, жарандардын жана уюмдардын кайрылуулары менен иштөөгө, чечимдерди кабыл алуу үчүн квалификациялуу сунуштарды даярдоого жөндөмдүүлүгү;
- мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын Этика кодексин насаатчылык жүзөгө ашырылган кызматчынын сакташы, кызматтык иш менен байланышкан буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү аткарууда анын тартиптүүлүгү жана аткаруучулугу;
2) адаптациялык мезгилден кийин:
- кесиптик кызматтык иштин эффективдүүлүгүнүн жана натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүнүн негизинде баалануучу өзүнүн кызматтык милдеттерин насаатчылык жүзөгө ашырылган кызматчынын аткаруусунун сапаты;
- башкаруучулук жана башка чечимдердин долбоорлорун даярдоонун сапаты;
- насаатчылык жүзөгө ашырылган кызматчынын аттестациялоодон ийгиликтүү өтүшү;
- насаатчылык жүзөгө ашырылган кызматчынын органдын коомдук турмушуна катышуусу;
- насаатчылык жүзөгө ашырылган кызматчыда тартиптик жазанын жоктугу;
- насаатчылык жүзөгө ашырылган кызматчынын мамлекеттик жана муниципалдык түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматчыларынын арасында кадыр-баркка ээ болушу.
26. Насаатчынын функцияларды аткарышы төмөнкүлөрдө эске алынат:
1) карьералык жогорулоодо;
2) аттестациядан өтүүдө;
3) иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары, кесиптик демилге көрсөткөндүгү жана иштин ченемге салынбаган режими үчүн ай сайын үстөктүн өлчөмүн белгилөөдө;
4) санаториялык-курорттук дарыланууга кезексиз жолдомо берүүдө;
5) мамлекеттик органдагы же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органындагы ардак тактага жайгаштырууда.
Begin_nocompare
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында насаатчылык жөнүндө типтүү жобого 1-тиркеме
Насаатчы менен жаш кызматчынын ортосундагы эмгек кызматташтыгы жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мен, насаатчы _____________________________________________________________________, ___________________________________________________________________________________ (насаатчынын кесиби (кызмат орду), аты-жөнү) ___________________________________________________________________________________ (жаш кызматчынын кесиби (кызмат орду), аты-жөнү) үйрөтүүгө алам жана кесипке ээ болууга, билим жана маданий деңгээлин жогорулатууга, жамаатта тезирээк адаптациялоого көмөктөшүүгө милдеттенем.
_____________________________ _________________________________________________ датасы насаатчынын колу
Мен, жаш кызматчы _____________________________________________________________ (кесиби (кызмат орду), аты-жөнү) зарыл болгон кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүгө, коюлган максаттарды жана милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткарууга, насаатчыдан алган тажрыйбаны жана билимди кесипке ээ болуу үчүн максималдуу пайдаланууга милдеттенем.
_____________________________ _________________________________________________ датасы жаш кызматчынын колу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында насаатчылык жөнүндө типтүү жобого 2-тиркеме
Насаатчылыкты уюштуруунун жана өткөрүүнүн планы __________________________________________________ (бөлүмдүн аталышы)
№
Иш-чаралар
Дата
Жооптуу
Аткаруу (датасы, колу)
1
Насаатчылардын тобун тандоо
Персоналды башкаруу кызматынын жетекчиси, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери
2
Насаатчыларды жана алардын резервин даярдоо (кесиптик көндүмдөр жаатында квалификацияны жогорулатуу)
Персоналды башкаруу кызматынын жетекчиси
3
Насаатчылыктын мөөнөттөрүн аныктоо
Персоналды башкаруу кызматынын жетекчиси, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери
4
Жаш кызматчыларга насаатчыларды бекитүү
Персоналды башкаруу кызматынын жетекчиси, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери
5
Насаатчылыктын жеке пландарын бекитүү
Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери
6
Тажрыйба алмашуу боюнча иш-чараларга (тармак ичиндеги, региондук, жергиликтүү) насаатчылардын катышуусун уюштуруу
Персоналды башкаруу кызматынын жетекчиси
7
Насаатчылыкты өнүктүрүүнү маалыматтык колдоо (ведомстволук жана жергиликтүү ЖМКларды, сайттарды, радио түйүндөрдү пайдалануу, стенддерге жайгаштыруу, Ардак такта ж.б.)
Персоналды башкаруу кызматынын жетекчиси
Иш-чара жөнүндө эскертүү: конкреттүү пландарды иштеп чыгууда, пландалган кадамдарды так аныктоо керек. Аткарууга жооптуу адамдар мамлекеттик органдын же жергиликтүү ез алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан аныкталат. Ишке ашырууну көзөмөлдөөгө милдеттүү аткаруучулар болуп жетекчинин кадр маселелери боюнча орун басары жана тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси саналат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында насаатчылык жөнүндө типтүү жобого 3-тиркеме
Насаатчылыктын жеке планы Жаш кызматчынын аты-жөнү __________________________________________________________________ Кесиби (кызмат орду) _________________________________________________________________________ Бөлүм ______________________________________________________________________________________ Отчеттук мөөнөтү ____________________________________________________________________________
№
Иш-чаралар(1)
Аткаруу мөөнөтү
Аткарууну баалоо(2) (датасы, насаатчынын колу)
1
Насаатчылыктын жекече планын түзүү, түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинде бекитүү
2-жумадан кеч эмес
2
Уюмдун негизги документтери, анын максаттары жана милдеттери, учурдагы иштин багыттары менен таанышуу
3
Түзүмдүк бөлүмдөрдүн иши менен таанышуу
4
Бөлүмдүн административдик түзүмү, баш ийүүчүлүк мамилелери, расмий кат алышууларды (баяндама жана кызматтык каттар, арыз ээлерине жооптор, түшүндүрмө ж.б.) жол-жоболоштуруу тартиби менен таанышуу
5
Жаш кызматчылардын көндүмдөрүн өздөштүрүү жана өркүндөтүү (конкреттүү иш-аракеттер, ыкмалар ж.б. көрсөтүлөт)
6
Мекемеде иштөө регламентин үйрөнүү, иштин натыйжаларын киргизүүнүн практикалык көндүмдөрүн өздөштүрүү
7
Адистик (кесип) боюнча иштөөдө консультациялык жардам алуу
8
Жаш кызматчылар үчүн өткөрүлгөн конкурстарга жана башка иш-чараларга катышуу
9
Жаш кызматчыны аттестациялоого даярдоо
10
Жалпы билим берүү жана маданий деңгээлин жогорулатуу, бөлүмдөрдүн, мекемелердин коомдук турмушуна катышуу
11
Насаатчылыктын жеке планынын аткарылышын текшерүү
____________________________________________________________________________ (датасы) (насаатчынын колу) ____________________________________________________________________________ (датасы) (түзүмдүк бөлүмдүн башчысынын колу)
Насаатчылык планынын аткарылышын баалоо ___________________________________________ _____________________________________________________________________________________ Жаш кызматчынын мүнөздөмөсү _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ ___________________________ ________________________________________________________ (датасы) (насаатчынын колу)
Таанышты: ______________________ ______________________________________________ (датасы) (жаш кызматчынын колу) Эскертүү: (1) Айрым негизги иш-чаралар жана багыттар гана белгиленди, жекелештирилген план максималдуу түрдө конкреттештирилиши керек; иш-чаралардын тартиби хронология боюнча түзүлүүгө тийиш. (2) Насаатчы тарабынан эркин формада толтурулат: аткарылды, аткарылбады, кайра үйрөнүү талап кылынат ж.б.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында насаатчылык жөнүндө типтүү жобого 4-тиркеме
Насаатчыны баалоонун формасы
№
Насаатчынын милдеттери
Күтүлүүчү натыйжа
Баалоо инструменттери
Эскертүү
1
Кесиптик билимди, жөндөмдү жана көндүмдөрдү берүү, жеке өнүгүү планында каралган темалар боюнча сабактарды өткөрүү. Сабактардын санын тарбиячы өз алдынча аныктайт
Бекитилген адис кызмат ордундагы иштин спецификасы жөнүндө терең билимин көрсөтөт
Сыноо мезгилинин аягында тесттин жардамы менен текшерилет
Бардык сабактар мөөнөтүндө жана сапаттуу өткөрүлдү (бир жана эки айдан кийин баалоо баракчалары менен ырасталды), бирок кызматчы терең билимин көрсөтпөдү
2
Сунушталган методдорду колдонуу менен сабактарды системалуу өткөрүү, сабактар жумасына үч жолу өткөрүлдү
Окуучунун билими жана жөндөмү динамикалуу жана ырааттуу өнүгөт
Жаңы кызматчы аткарган практикалык кейстин жардамы менен текшерилет
Сабактар өнүгүүнүн жеке планында каралгандай үзгүлтүксүз өткөрүлдү. Жөндөмдөр начар өнүккөн
3
Кызматчыны өз алдынча иштөөгө даярдоо
Алган билимдерин жана жөндөмдөрүн практикада өз алдынча колдонууга даярдыгы
Реалдуу кесиптик милдетти аткаруу аркылуу насаатчылыктын жеке программасынын аягында текшерилет
Тапшырманы начар аткарат, өз алдынча иштөөгө даяр эмес (ошол эле насаатчынын башка кызматчылары өз алдынча иштөөгө толук даярдыгын көрсөттү)
End_nocompare
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.01.2017 · № 17
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы № 637 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында…Постановление · 04.12.2023 · № 637