# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы № 637 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында насаатчылык жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы № 637 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында насаатчылык жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 637
- Кабыл алынган күнү: 04.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230015412>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-33458/edition/18124/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230015412.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы № 637 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында насаатчылык жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому (04.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230015412

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 4-декабры № 637 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында насаатчылык жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу Натыйжалуу мамлекеттик башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын потенциалын сарамжалдуу пайдалануу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 2-февралындагы № 17 "2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясын бекитүү тууралуу" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында насаатчылык жөнүндө типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 8-декабрындагы № 97 (3546) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
