# Аламүдүн айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-сентябрындагы № 103-28 "Жертөлө бөлмөсүн оңдоп-түзөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Аламүдүн айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-сентябрындагы № 103-28 "Жертөлө бөлмөсүн оңдоп-түзөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 103-28
- Кабыл алынган күнү: 14.09.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.09.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230015402>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-33448/edition/18113/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230015402.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.09.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аламүдүн айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-сентябрындагы № 103-28 "Жертөлө бөлмөсүн оңдоп-түзөө жөнүндө" токтому (14.09.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230015402

---

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2022-жылдын 14-сентябры № 103-28

Жертөлө бөлмөсүн оңдоп-түзөө жөнүндө

Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин айыл өкмөтүнүн имаратынын тертөлө бөлмөсүн оңдоп-түзөө иштерин кошумча каржылоо жана 2022-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планына өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндөгү катын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 34, 37-беренелерине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Жергиликтүү бюджеттен 889 586 (сегиз жүз сексен тогуз миң беш жүз сексен алты) сом өлчөмүндөгү акча каражатын сметага ылайык бөлүү жактырылсын.

2. 2022-жылга карата социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү планына өзгөртүү, толуктоо киргизилсин.

3. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.

Төрага

А.П. Филимоненко
