Аламүдүн айылдык кеңешинин «Акча каражатын бөлүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2022-жылдын 14-сентябры № 101-28
Акча каражатын бөлүү жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 667 “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн балдар борборунун курулушу” долбоору боюнча курулуш иштерин аягына чыгаруу жана аймагын абаттоо үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндөгү катын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 34, 37-беренелерине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Жергиликтүү бюджеттен 2 413 830 (эки миллион төрт жүз он үч миң сегиз жүз отуз) сом өлчөмүндөгү акча каражатын сметага ылайык бөлүү жактырылсын.
2. 2022-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планына өзгөртүү, толуктоо киргизилсин.
3. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага
А.П. Филимоненко
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123