# Аламүдүн айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-сентябрындагы № 99-28 "М.А. Дуйшенбаеванын арызы боюнча" токтому

- Толук аталышы: Аламүдүн айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-сентябрындагы № 99-28 "М.А. Дуйшенбаеванын арызы боюнча" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 99-28
- Кабыл алынган күнү: 14.09.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.09.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230015385>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-33435/edition/18098/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230015385.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.09.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аламүдүн айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-сентябрындагы № 99-28 "М.А. Дуйшенбаеванын арызы боюнча" токтому (14.09.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230015385

---

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2022-жылдын 14-сентябры № 99-28

М.А. Дуйшенбаеванын арызы боюнча

Ижарачы М.А. Дуйшенбаеванын арызын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 37-беренелерине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Жалпы аянты S=0,27га болгон тазалоочу курулмалардын жер участогу төмөнкүдөй бөлүштүрүлсүн:

- ижарачыга – 0,02га;

- жалпы аянты 0,25 га тазалоочу курулмалардын чек арасы жана аянты баштапкы абалына келтирилсин.

2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.

Төрага

А.П. Филимоненко
